Орусиянын президенти Владимир Путин 8-августта Абхазиянын Пицунда шаарына келди. Тогуз жыл мурда дал ушул күнү беш күнгө созулган орус-грузин согушу башталып, анын жыйынтыгында Грузия Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарына көзөмөлүн жоготкон.
Путин эл аралык коомчулук тааныбаган Абхазия Республикасынын башчысы Раул Хаджимба менен жолугуп, Орусия бул бул аймактын эгемендигине колдоо көрсөтүүнү уланта берерин айтты. Расмий Тбилиси президент Путиндин бул визитин айыптап чыкты.
2008-жылдын 8-августунда башталган орус-грузин согушунда 412 грузин жараны мерт болгон. Орусия 67 аскер кызматкеринен айрылган. Согуштун соңунда Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны "көз карандысыз мамлекет" деп тааныган. 2008-жылдын сентябрь айында расмий Тбилиси Москва менен дипломатиялык алакасын токтоткон.