Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:17

Текебаевди коргоп чыккан активистти милиция кармап кетти


Өндүрүш Токтонасыров БШК алдында
Өндүрүш Токтонасыров БШК алдында

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тил сынагына катышуусун талап кылып Боршайкомдун алдына пикетке чыккан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап кетти. Бул тууралуу ал өзү "Азаттык" радиосуна билдирди. Айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери ага Боршайкомдун жанында нааразылык акциясын өткөрүүгө тыюу салышты.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Талапкерликке катталуу үчүн БШКга арыз берген Текебаев 26-июлда мамлекеттик тил боюнча тест тапшырмак. Бирок УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Текебаевдин коррупцияга айыптаган соттук ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту аны тест тапшырууга коё берүүдөн баш тарткан.

“Ата Мекендин” юристтери бул маселени БШК өзү чечүүгө толук укуктуу деп эсептейт. БШК Текебаевге тил сынагынан өтүүгө уруксат бере элек. Мамлекеттик тил боюнча тест 16-августта аяктайт.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 27-июлдан 20-октябрга чейин Ала-Тоо аянтында, Ак үй, Өкмөт үйү жана Боршайкомдун алдында расмий маданий-массалык иш-чаралардан башка акцияларды, жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынган. Буга Биринчи Май райондук акимчилигинин сотко кайрылуусу негиз болгон. Анда "дүйнөдө диний-экстремисттик көрүнүштөр көбөйгөнү, көп адамдын үн катуулаткычтарды колдонуу менен чогулушу тургундардын, айрыкча улгайгандардын нааразылыгын жаратып, шаардын жашоосунун туруктуулугун бузуп жатканы" айтылат. (RK)

XS
SM
MD
LG