Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Парижде аскерлерге кол салган адам изделип жатат


окуя болгон жер
окуя болгон жер

Париждин четиндеги Леваллуа-Перре районунда белгисиз бирөөнүн чабуулунан алты француз аскер кызматкери жараат алды. "Экөөнүн абалы оор" дейт полиция.

Окуя жергиликтүү убакыт боюнча 8де болгон. Казармадан чыгып келаткан аскерлерди BMW үлгүсүндөгү унаа минген киши сүздүрүп качып кеткен.

Леваллуа-Перренин башчысы Патрик Балканы шектүү аскерлердин чыгышын күтүп турганын айтып, "бул атайын жасалган иш экенине күмөн жок" деди.

Аскер кызматкерлери кайгуул-күзөт милдетин аткармакка баратышкан. 2015-жылы 130 адамдын өмүрүн алган Париждеги теракттан кийин өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилген. Ал алигиче күчүн жогото элек.

XS
SM
MD
LG