Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Парижде былтыркы теракттардын курмандыктарын эскеришти


Париждеги эскерүү иш чарасы, 10.01.0216
Париждеги эскерүү иш чарасы, 10.01.0216

Франциянын баш калаасында 10-январда былтыркы кол салуулар алып кеткен 150 маркумду эскеришти. 2015-жылы январда Парижде жана айланасында болгон теракттарда 17 кишинин жаны кыйылса, ноябрда террорчулардын колунан 130дай бейкүнөө киши набыт кеткен.

Туура бир жыл мурун Париждин Республика аянтында президент Франсуа Олланд, ондогон чет мамлекеттердин жетекчилери, шаардын миллиондогон тургундары катышкан ири жүрүш өткөрүлгөн эле. "Шарли Эбдо" журналы, көп узабай жөөттөрдүн азык-түлүк дүкөнүнө болгон кол салуулардын курмандыктарын эскерип жатып, бир нече айдан кийин борбор шаарда жүздөн ашуун бейкүнөө адамдын каны төгүлөөрүн эч ким элестетпесе да керек.

Бирок бул жолу эл алда канча аз чогулду. Аянтка кире бериште эки катар тизилген полиция сумкаларды, сырткы кийим-кечелерди металл аныктаган жабдыктар менен текшерип жатты.

Франсуа Олланд, премьер-министр Мануэл Валс, Париждин мэри Анн Идалго баш калаада жана айланасында террорчулардын колунан каза тапкандардын урматына орнотулган эскерүү тактасын ачышты.

Тактада “2015-жылы январда жана ноябрда террордук чабуулдарда курман болгондорго француз эли таазим кылат” деп жазылган.

Белгилүү рок ырчы Жонни Халидей “Январдагы узун жекшемби” деген ырды, куралдуу күчтөрдүн хору улуттук гимн – "Марсельезаны" аткарышты.

Андан кийин Виктор Гюгонун француздарды биримдикке үндөгөн ыр саптары окулду.

Президент кол салууларда аман калгандар, каза болгондордун жакындары менен баарлашты.

Ушуну менен “Шарли Эбдо” сатиралык журналына жана андан кийинки бир нече күнү болгон кол салуулардын бир жылдыгына арналган жумалык аяктады.

2015-жылы 7-январда журналдын редакциясына кирип барган куралчан адамдар ок ачып, 11 кишини өлтүрүшкөн, алардын сегизи журналисттер эле. Качып баратып кол салгандар аларды токтотууга аракеттенген полициячыны да атып салышкан. Ал кандуу окуядан кийинки эки күндүн ичинде радикал исламчылар дагы бир нече жерде чабуул уюштуруп, бардыгы болуп 17 киши набыт кеткен. Теракттар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган «Ал-Каиданын» Аравия жарым аралындагы канаты журналдын Мухаммед пайгамбардын карикатураларын жарыялашына өч алып жатканын билдирген.

13-ноябрда болсо Парижде рок концерт өтүп жаткан клуб, бир нече кафе, футбол стадиону бутага алынып, 130 кишинин өмүрү кыйылган.

Координацияланып ишке ашырылган теракттарды «Ислам мамлекети» радикал уюмуна жакын экстремисттер уюштурушкан. Ал кандуу окуядан кийин француз өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүп, чукул кырдаал жарыялаган. Бирок чабуулдарды уюштурган жана ишке ашырган адамдардын бардыгы табыла элек.

Жума күнү кошуна Бельгиянын бийликтери ошол теракттарга шектелип, издөөдө жүргөн Салах Абдесламдын манжа тактары табылганын билдирди.

Жекшемби күнкү эскерүү иш-чарасынан кийин президент Олланд мусулмандарга каршы терс маанайды басаңдатуу максатында борбор шаардагы мечиттердин бирине барды.

Франциядагы мусулмандардын лидерлери экстремист согушкерлер менен исламдын айырмасын баса белгилөө үчүн бул дем алыштарда мечиттерди ачык коюшту.

9-январда ички иштер министри Бернар Казнөв да мечитке зыярат жасап, жек көрүүчүлүккө, кастыкка үгүттөгөн молдо-диниятчылар жазаланарын айтты.

Парижде теракт курмандыктары эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

XS
SM
MD
LG