Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Парижде мусулмандарга мамиле өзгөрүүдө


Франция, Париж
Франция, Париж

13-ноябрдагы террордук кол салуулардан кийин Парижде мигранттарга жана мусулмандарга көз караш өзгөргөнү айтылууда. Полициячылар текшерүүлөрдү күчөттү. Жергиликтүү эл болсо бала баккан, үй кызматында жардам берген араб жана башка улуттагы адамдарды европалыктарга алмаштырууга өтүштү. Ошол эле учурда мусулмандар менен террорчуларды эки бөлүп караган француздар да жок эмес.

13-ноябрдагы террордук кол салуудан кийин Франциянын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилген. Буга байланыштуу полиция бүткүл Франция боюнча радикал уюмдарды, уюшкан кылмыштуулукту жана маңзат кылмышына тиешеси барларды кармоо иштерин күчөткөн.

Францияда исламчы террорчулардын кол салуусу биринчи жолу эмес. Үстүбүздөгү жылдын январында "Шарли Эбдо" журналынын кеңсесине кол салуудан 12 кишинин өмүрү кыйылган.

Парижде убактылуу жашап жаткан кыргызстандык жаран, физика адиси Алмазбек Иманалиевдин пикири боюнча, катардагы француздардын ичинде 13-ноябрдагы террордук чабуулдун себептерин иликтөөгө аракет кылып жаткандар бар:

- Ошондой окуялар болгондо француздар “эмнеге мындай болду” деген суроого жооп алууга аракет кылышат экен. Бул жолу террорчулардын көпчүлүгү француз жарандары болуп чыкпадыбы. Ошондуктан бул ирет дагы “көп жылдан бери Францияда жашаган болсо, биздин мектептерде окуган болсо, француз маданиятында, коомчулугунда өсүшкөн. Эмне үчүн мындай кырдаал келип чыкты” деген суроолорго жооп издешүүдө. Мага булардын ушундай мүнөзү жагат. Француздардын баары ачык, бардык улуттар менен бирдей мамиле түзүүгө аракет кылышат. Тамакка чакырсаң келишет. Пикир алышууга ар дайым даяр.

Париж
Париж

Айрым пикирлер боюнча, француздар европалыктардын ичинде келгиндерге, башка диндеги адамдарга лоялдуу мамилеси менен айырмаланган эл катары бааланып келет. Бирок ноябрдагы элдин тынч жашоосуна жасалган чабуулду алар француз элинин жашоосуна кол салуу деп баалашты. Мындай пикирин Парижде убактылуу жашап жаткан дагы бир мекендешибиз, Сорбонна университетинин магистранты Асен Эркинбеков “Азаттыкка” билдирди:

- Теракттан кийин Францияда келгиндерге жасалган мамиле өзгөргөн жок деп айтсак, туура эмес болуп калат го. Кол салууну франциялыктар “француз элинин жашоосуна кол салуу” деп айыпташты. Анткени концерт болуп жаткан жерде, андан кийин эл тамактанып отурган кафеде жардыруулар болду. Ушундан улам мындай баа берилип жатат. Мамилелер да түрдүү болуп жатат, кээ бирөөнүкү өзгөрдү, кээ бирөөнүкү өзгөргөн жок. Анткени өздөрүнүн мусулман тааныш, достору бар же балдары мектепте чогуу мусулмандардын, мигранттардын балдары менен окушат дегендей... Бир аз этият мамиле байкалгансыйт.

Айрым маалыматтар боюнча, 13-ноябрдагы кол салуудан кийин Париждин көчөлөрүндө башка жактан келгендер, мигранттар азая түшкөн. Буга негизги себеп, жергиликтүүлөрдүн түсү башка адамдарга, мигранттарга көз карашы, мамилеси өзгөрө түшкөнүндө болгонун көп жылдардан бери Парижде жашап келаткан молдован Олег бизге курган маегинде билдирди:

- Анткени террордук чабуулдардан кийин мамлекет кабыл алган саясат боюнча тургундар бардык жерде шектүү буюмдарга, унааларга, шектүү адамдарга катуу көңүл буруп, алар тууралуу полицияга билдирүүгө тийиш. Бул француздар үчүн жазылбаган мыйзам. Ошондуктан, алар өздөрүнө шектүү көрүнгөн адамдарга көңүл буруп, алар тууралуу полицияга кабарлашат. Албетте, алар ак түстүү европалыктарга же америкалыктарга көңүл бурбайт, алардын көңүлү түз эле кара же кызыл түстүүлөргө, арабдарга, мигранттарга, мусулмандарга бурулат. Муну мигранттар, мусулмандар өздөрү да байкашат. Ошондуктан, теракттан кийинки үч-төрт күн аралыгында Париждин көчөлөрүндө европа түспөлдөрдөн башкаларды жолуктурууга мүмкүн эмес болду. Ал күндөрү мусулмандар үйлөрүнөн, жамааты чогулган жерлерден чыкпоого аракет кылышты. Француздар улутчул эл эмес болчу, бирок ушул кол салуулардан кийин алардагы улутчулдук сезим ойгоно баштаганын байкоого болот. Мурда улутчулдугун көрсөтпөгөн француздар күн өткөн сайын улутчулдугун байката башташты.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жубайы менен терактан курман болгондорду эскерүүдө. Париж
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жубайы менен терактан курман болгондорду эскерүүдө. Париж

Биздин маектештин айтымында, акыркы мезгилдерде айрым француздар баласын баккан же үй кызматында көмөктөшкөн мигранттарды, мусулмандарды европа улутундагы адамдарга алмаштырууга өтүштү.

Ошентсе да, террордук кол салуу француздарга тиешелүү сабырдуулукка терс таасирин тийгизе алган жок, деген пикирлер да жок эмес. Теракт болгондон кийин анын курмандыктарын эскерүүгө мусулмандар да барып, көңүл айтып, “чыныгы мусулмандар мындай кылбайт, кол салууну жасагандар ислам дининин душманы” деп айтышкан. Алардын катарында мекендешибиз Асен Эркинбеков да теракттан кийин анын курмандыктарын эскерүү жайына айланган Республика аянтындагы Эркиндик эстелигине барып гүл коюп келген:

- Эскерүү жайына мусулмандар да келишти. Бардыгы келип, кимиси дуба кылып, кимиси шам жагып, дагы башкалары ыр ырдап, ыр окуп, теракттын курмандыктарын эскерип, алардын жакындарына көңүл айтышты. Мисалы, ал жердеги мусулмандарга эч ким жаман көзү менен карап же орой сөз сүйлөгөн жок. Франциянын жарандары социалдык тармактарда да өздөрүнүн пикирлерин билдирип, “террорчулардын максаты – бизди кайраштырып, коркутуу болчу. Ошондуктан, алардын чагымына алдырбайлы, коркпойлу, достук, туугандык мамиледе жашай берели” деген чакырыктарды жасагандар да көп болду.

Жакынкы Чыгыштагы согуштан качкан мигранттар быйыл Европага карай болуп көрбөгөндөй агылганы белгилүү. Франция Евробиримдиктин башка айрым мүчөлөрүнөн айырмаланып, качкын мигранттарды квотага ылайык бөлүп алууну туура көргөн мамлекет болчу.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG