Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Франция ИМдин турагын бомбалоону күчөттү


Париждеги терактта өлгөндөрдү эскерүү. 16-ноябрь. Франция
Париждеги терактта өлгөндөрдү эскерүү. 16-ноябрь. Франция

Франциянын аскер аба күчтөрү “Ислам мамлекети” тобунун Сириянын Ракка шаарына жакын аймагындагы турумдарына карата абадан сокку урду.

Француз күч түзүмдөрү Париждеги терактты уюштурган жанкечтилер мына ушул аймакта жайгашкан согушкерлердин лагерлеринин биринде даярдалган болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Франциянын аскер аба күчтөрүнүн соккусунан андагы согушкерлердин машыгуу лагери жана ок-дары сактоочу кампалары жок кылынган. Франциянын бийлиги муну жоочулардын Париждеги террордук актысына жооп катары белгилешүүдө.

Өч алуунун авиа соккулары

Франциянын аскер аба күчтөрү Сириянын Ракка аймагындагы “Ислам мамлекети” тобунун борбору катары аныкталган согушкерлердин турумдарын бомбалады. Анын жыйынтыгында жыйырмадан ашуун авиа бомба ташталып, согушкерлерди даярдоочу лагер жана алардын ок-дары сактоочу кампалары талкаланды. Бул тууралуу Франциянын Коргоо министрлигинин билдирүүсү жарыяланды. Бул аскерий операцияны Бириккен Араб Эмиратынан жана Иорданиянын аймагынан бир учурда учуп чыккан Франциянын бомбалоочу он истребители аткарды.

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Түркияда өткөн жаткан чоң жыйырмалыктын жыйынында бул соккулар Париждеги террордук чабуулдарга жооп болгонун айтып, антитеррористтик операция улантыларын белгиледи:

- Франция террорчулардын кол салууларына карата тиешелүү чараларды көрүп, жооп берип келген. Мына ошондуктан бул аба соккулары дагы легитимдүү коргонуунун алкагында жүргүзүлгөн чаралардын бири. Биз мындай чараларды буга чейин дагы көрүп келгенбиз. Бул жолку аба соккулары “Ислам мамлекети” тобунун борбору катары аныкталган Сириянын Ракка аймагына жакын жерге багытталды. Анткени анда согушкерлердин командалык башкаруу пункту жайгашканы бизге белгилүү.

Лондондо жайгашкан адам укугуна байкоо салуучу сириялык обсерватория аба соккулары курал-жарак кампасына жана жихадчылардын командалык башкаруу пункту катары саналган машыгуу лагерине багытталганын ырастады. Мына ошондуктан андагы жайкын тургундар аталган бомбалоодон жабыркабаганы жарыяланды.

Франция “ИМ” тобун жок кылууга батыл киришет

Бул аба соккулары кеминде 132 адамдын өмүрүн жалмап, 380 адам жараат алган Париждеги теракттан кийин болду. Мындай масштабдагы террордук акт 2004-жылкы Мадриддеги жардыруудан бери Европада боло элек болчу. Франциянын президенти Франсуа Олланд өлкөнүн аймагына өзгөчө кырдаал киргизүү менен “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчиликти алган бул террордук чабуулду согуш актысы катары кабыл алып, ага карата аёосуз жооп болорун убада кылды.

Премьер-министр Мануэл Вальс атайын рейддин алкагында, полиция бүткүл Франция боюнча террорго шектүүлөрдүн үйлөрүн түнү бою тинтүүгө алганын билдирди. Ал жихадчылар тобу Францияда жана башка Европа мамлекеттеринде жакынкы мезгилде жаңы террордук актыларды даярдап жатканын белгиледи. Француз премьер-министри Парижде болгон теракт Сириянын аймагында мерчемделип, уюштурулганын айтты. Мына ошондуктан “Ислам мамлекети” тобун жер менен жексен кылуу үчүн Франция болгон күч-аракетин жумшарын кошумчалады. Француз полициясы террордук чабуулду уюштурушу мүмкүн деген адамдын өздүгүн аныктап, ага эл аралык издөө жарыялады. Полициянын айтымында, шектүү адам белгиялык 27 жаштагы Абделхамид Абауд болушу мүмкүн. Франциянын ички иштер министри террордук акт чет өлкөдө даярдалып, жанкечтилер Бельгиянын аймагы аркылуу өлкөгө кириши мүмкүн экенин кошумчалады. Брюсселдин полициясы Париждеги террордук актыларды уюштурган жанкечтилер жүргөн эки автомашинага байланыштуу Бельгияда жети адам кармалганын жарыялады. Окуя болгон жерден табылган бул эки автоунаа Бельгияда катталганы аныкталган.

XS
SM
MD
LG