Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Париж окуясы коопсуздукту күчөтүүгө түрттү


12-октябрда абактан качкан “Жайшүл-Махди” уюмунун мүчөлөрүн кармоо операциясы. 14-октябрь, 2015-жыл
12-октябрда абактан качкан “Жайшүл-Махди” уюмунун мүчөлөрүн кармоо операциясы. 14-октябрь, 2015-жыл

13-ноябрдын кечинде болгон Париждеги теракт дүйнө өлкөлөрүн дагы бир силкинтип, коопсуздук маселесин кайрадан эскертти. Кыргыз өкмөтү буга байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, күч түзүмдөрүнө коопсуздук чараларын күчөтүү тапшырылды.

Париждеги теракттын эртеси, ишембиде өкмөт башчы Темир Сариев Улуттук коопсуздук комитетинин жана Ички иштер министрлигинин жетекчилерин чакырып, өлкөдөгү айрым маанилүү түйүндөрдө коопсуздукту тыкыр көзөмөлгө алууну буюрду. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов кабарлады.

- Ири соода борборлору, социалдык объектилердин коопсуздугун күчөтүү милдеттендирилди. Ошондой эле терактка байланыштуу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. Сариев элге да кайрылып, акыркы окуяларды эске алуу менен коопсуздукка көбүрөөк көңүл буруп, дыкат болууга чакырды, - деди өкмөт өкүлү Бакыт Асанов.

Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков акыркы жагдайга байланыштуу тийиштүү чаралар башталганын кабарлады:

- Бүгүнкү күндө кооптонууга негиз жок. Бирок Париждеги окуядан кийин ишти күчөттүк. Министрден да атайын тапшырма келди. Вокзалдардагы, базар сыяктуу коомдук жайларды көзөмөлгө алууну күчөттүк. Буга чейин каттоодо турган диний агымдар боюнча ишти жандандырдык. Ушундай алдын алуу чаралары көрүлүп жатат. Бирок элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз.

УКМК дагы иш-аракетин күчөткөнүн маалымдоодо. Бул арада коопсуздук боюнча серепчилер диний экстремизм очогу болгон Сирия менен Ооганстан Европага караганда Кыргызстанга жакын экендигин, чек аралар жакшы корголбой келгенин мисалга тартышууда.

Кыргызстанда да өткөн айда "Жайшүл-Махди" террорчул уюмунун мүчөлөрү саналган тогуз адам №50 абактын кызматкерлерин өлтүрүп, качып чыгышкан. Аларды кармоо жана жок кылуу он күнгө созулуп, бул окуялар шаар тургундарынын үрөйүн учурганы маалым. Кылмышкерлерди жок кылуу учурунда бир милиция кызматкери жана эки жөн-жай тургун набыт кеткен.

Атайын кызматта көп жылдар бою иштеген Талант Разаков терроризмге айыпталгандар түрмөдөн качкан жана бир нече адамдын каны төгүлгөн жогорудагы окуяны мисал келтирип, коркунуч сырттан да, ичтен да капыстан келиши мүмкүн экенин эскертүүдө:

- Теракт болбойт деп айта албайбыз. Анткени бизден кубаттуу Францияда болду. Бизден кубаттуу Орусиянын жакында кырсыктаган авиалайнерин да "Ислам мамлекети" деген топтун адамдары жардырган деген божомол бар. Менимче, бул чындыкка жакын болушу мүмкүн. Аталган топтун террордук чабуулдары барган сайын күчөй бериши ыктамал. Франциянын мисалы "Ислам мамлекети" тобунун кишилери бардык жерде бар экенин ачык көрсөттү. Анын ичинде Кыргызстанда жок деп айта албайбыз. Алар бар үчүн Сирияга көп жарандарыбыз кетип атат да. А Ооганстанга канчоо кеткени али белгисиз. Көбү жалданып ал жакка кетишти, ичибизде да ошончосу бар болушу ыктымал.

Коопсуздук кызматы Сирияга кетип, согуштук аракеттерге катышып же көмөктөшкөн кыргызстандыктардын саны 400дөн ашканын расмий билдирүүдө. Алардын арасында аялдар жана жаш балдар, алданып чыгып кеткендер да бар.

13-ноябрдын кечиндеги Париждин бир катар райондорунда куралдуу кол салуудан мерт кеткендердин саны 130га жакындады. Ондогон адамдар жараат алды. Жардырууларды “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өз жоопкерчилигине алган.

Окуядан соң өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлүп, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Франциянын президенти Франсуа Олланд кандуу кол салууну уюштургандар менен аёосуз күрөшөрүн билдирген.

Айтылгандай эле Франция "Ислам мамлекетинин" борбору саналган Ракка шаарына 20 бомба таштады. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин 15-ноябрдагы маалымдоосуна караганда, сокку жоочулардын аскер кампалары жана машыгуу жайларына урулду.

XS
SM
MD
LG