Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Франциядагы өзгөчө абал үч айга узартылды


Париж, 18-ноябрь, 2015-жыл
Париж, 18-ноябрь, 2015-жыл

Француз парламенти өлкөдөгү өзгөчө абалды үч айга узартуу боюнча өкмөттүн чечимин колдоду.

Франциянын премьер-министри Мануэл Вальс парламенттин төмөнкү палатасында сүйлөп жатып, өлкөдө террордук чабуулдар кайталанышы мүмкүн экенин, тобокелдик өтө жогору болгонун белгиледи.

Мануэл Вальс жихадчылардын чабуулдары масштабы жана мыкаачылыгы жагынан мурдагысынан дагы ашып түшүшү мүмкүн экенин айтты.

Француз премьер-министри бул жолу террорчулар химиялык жана биологиялык багыттагы массалык кыргын салуучу куралдарды колдонуудан да кайра тартпай турганын эскертти. Ошондуктан Мануэл Вальс француз эл өкүлдөрүнө өзгөчө абалды узартуу зарыл экенин айтты:

- Чабуулдардын жана кол салуулардын ойго келбеген жолдору менен түрлөрү чыкты. Ага шыкак берүүчүлөр бул иштерди уюшкандык менен мерчемдеп, колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдөн баштап, өзүн-өзү жардырган жанкечтилерге чейин даярдоону өздөштүрүшкөн. Мындай иштерге жогорку даярдыктагы кайсы бир майда топтор же бүтүндөй бир тармакташкан уюмдар тартылганы байкалып турат. Мындай шартта алардын химиялык же биологиялык куралдарды да колдонуп жиберүү коркунучу бар экенин четке кага албайбыз. Ошондуктан этияттыктын бардык чаралары көрүлүүгө тийиш.

Париж, 18-ноябрь
Париж, 18-ноябрь

Адатта мындай адам укугун чектөөгө байланыштуу маселеде кызыл чеке болуп талашкан француз парламенти бул жолу өкмөттүн чечимин дээрлик бир добуштан колдоп берди. Ошентип 20-ноябрдан тарта өлкөнүн бардык аймагына киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтү үч айга узартылды.

Өткөн жумадагы Париждеги кандуу окуядан соң президент Франсуа Олланд өзгөчө абал киргизген. 1955-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча президент киргизген өзгөчө абалдын мөөнөтү 12 күндү түзөт. Андан кийин мөөнөттү узартууну парламент бекитүүгө тийиш.

Күч түзүмдөрүнүн укугу кеңейет

Өзгөчө абалды узартуу тартиби күч түзүмдөрүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтет. Эми полицейлердин жумуштан сырткары учурда курал көтөргөнгө жана соттун уруксаты жок эле тинтүү жүргүзүп, кармаганга укугу болот. Франциянын премьери Мануэл Вальс өзгөчө абал киргизилген учурда террорчулардын тамырын кыркууга мүмкүнчүлүк болорун кошумчалады:

- Анткени террордук коркунуч турат. Биздин жарандар аларды коргоо үчүн колдон келген натыйжалуу чаралардын бардыгын көрүшүбүздү суранышууда. Өлкөнүн бардык аймагына киргизилген өзгөчө абалды узартуу ошого шарт түзөт. Бул үч айлык мөөнөт бизге террордук топторго каршы күрөштү күчөтүүгө жана алардын очокторун жок кылууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай чараларды көрүү үчүн бөлүнгөн бул убакыт террорчулардын мизин кайтарууга өбөлгө түзөрү бышык.

Париж
Париж

Ал арада Францияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Бул 13-ноябрь күнү Париждеги кол салууну өзүнө алган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун террордук аракеттерин ооздуктоого багытталганы айтылды.

Париждеги кол салууну Франциянын өзүндөгү жана Бельгиядан барган жанкечтилер тобу уюштурганы белгилүү болду. Ошондуктан Бельгиянын премьер-министри Шарль Мишел парламенттен жихадчылар менен күрөшкө кошумча 400 миллион евро бөлүүнү сурады. Ошондой эле ал коопсуздукту бекемдөө үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Мындан тышкары Евробиримдиктин аймагындагы авиа жүргүнчүлөр тууралуу маалыматтарды алмашуу боюнча мамлекеттер аралык макулдашууга тез арада кол коюу маселеси көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG