Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Фейсбук теракттан кийинки сынды эске алат


Париждеги кан төгүүлөрдөн кийин социалдык тармактардын араб өлкөлөрүндөгү колдонуучулары “улам бир чабуул, жардырууларга туш болуп жаткан биз жылуу сөзгө, тилектештикке арзыбайбызбы?” – деген маанидеги ой-пикирлерин байма-бай билдирип жатышат. Фейсбуктагы коопсуздук белгисинин Париж теракттарынан кийин гана ишке киргизилиши да көп cынды жаратты. Le Monde гезитинде мына ушул темага арналган макала жарык көргөн.

Париждеги теракттардан кийин Фейсбуктун дарегине айтылган сын сөздөр Марк Цукербергге жетпей койгон жок. 14-ноябрда компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директору өз баракчасында араб дүйнөсүнүн, башка адамдардын сайттагы коопсуздук ишарасына байланыштуу "мыйзам ченемдүү" сынын эске аларын жазды:

- Көптөгөн адамдар эмне үчүн Safety Check белгисин Бейрут же башка жерлер эмес Париждеги окуялар учурунда гана иштеттиңер деген жүйөлүү суроону узатышты. Жума күнкү теракттарга чейин ал функция жаратылыш кырсыктары үчүн гана пайдалансын деген саясатты карманып келгенбиз. Биз болгону аны өзгөрткөнбүз. Эми адам өмүрлөрүн алган ушул өңдүү алааматтарда да активдештирилип турат, - деди Цукерберг.

Safety Check функциясынын жардамы менен социалдык тармактын колдонуучулары Фейсбуктагы бир ишараны басып туруп эле жакындарына “мен коопсуздуктамын” деп дайынын айта алышат.

Ал белгинин бир күн илгери Бейрутта болгон жардыруудан кийин эмес, Париждеги кол салуулардын артынан активдешкени араб дүйнөсүндө түшүнбөөчүлүктү, сын-пикирлерди жаратты.

“Бизчи?” деген кыска сөз араб өлкөлөрүндө жашаган элдин реакциясын толук чагылдырат.

Алгачкы эмоциялар, деңдароо тарагандан кийин Жакынкы Чыгыштагы социалдык тармактарда ызалануунун белгилери сезиле баштады. Мисалы, өткөн бейшембиде баш калаа четиндеги жардыруудан 43 бейкүнөө адамдын өмүрү кыйылган Ливанда он миңдеген киши “эмне себептен эл аралык коомчулук 24 сааттан кийин Париждеги теракттардан кийинкидей болуп ошол кыянатчылыкты айыптаган жок?” - деп бир добуштан жазышты.

- Биз үчүн Фейсбукта коопсуздук белгиси ачылган жок. Дүйнө лидерлери эч кандай тилектештик билдирүүлөрүн жасашкан жок, - деп жазат ливандык блоггер Жоэ Аюб.

- Мен дүйнөнү эч кызыктырбайм. Көпчүлүгүбүз “дүйнө” артыкчылык берип, тынчсызданган катмарга кирбейбиз, - деди ал.

Жыл башында Мухамед пайгамбардын карама-каршылыктуу карикатураларын басып келген “Шарли Эбдо” журналына болгон кол салуудан айрымаланып, жума күнкү кандуу окуяларды араб өлкөлөрү чын ниеттен айыпташты.

Мүмкүн болушунча көбүрөөк киши өлтүрүүнү максат кылып, кафе, концерттерде отурган бейкапар адамдарга динине, улутуна же жынысына карбай туш келди ок ачууну атүгүл исламчыл чөйрөлөр да жектешүүдө.

Алсак, Газа тилкесинде 1990-2000-жылдары израилдиктерге кол салууларды ишке ашырып келген Хамас тобу Париж окуяларын “агрессия жана варварчылык” деп атаса, палестиналык дагы бир куралдуу уюм “күнөөсүз адамдарга каршы кылмышты” сындады.

Бейрутта жашаган сириялык журналист Язан Ал-Саади: “Январга караганда элге бул жолу тилектештик билдирүү оңой болууда. Бирок кайгы менен бирге Батыштын Сирия, Палестина же Ирактагы азап чегүүлөргө дээрлик үн катпай жатышы ачууланууну пайда кылууда. Париждегилер гана адам баласы болуп эсептелеби?” – деп жазат.

Социалдык тармактар демекчи, Франция бийлиги канжалаган адамдардын, өлүктөрдүн сүрөттөрүн чыгарбоого үндөшүүдө.

XS
SM
MD
LG