Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Париж чабуулуна шектүү Брюсселден табыла элек


Брюсселде изделген Салех Абдеслам оңдон биринчи.
Брюсселде изделген Салех Абдеслам оңдон биринчи.

Бельгия борбору Брюсселдеги өткөн түнкү жана бүгүнкү рейддердин артынан 21 киши кармалды. Рейддер Париждеги террордук чабуулду ишке ашырды деп шектелгендердин бирин издөөнүн алкагында жүргүзүлдү. Учурда Брюссель күчөтүлгөн коопсуздук чаралары алдында жашап жатат. Шаарда бүгүн метро жана мектептер жабык. Көчөлөрдү куралчан аскерлер кайтарууда.

Брюсселдеги соңку рейд учурунда камакка алынган 16 адамдын арасында Париждеги террордук чабуулду ишке ашыргандардын бири деп шектелген Салех Абдеслам жоктугун бельгиялык бийликтер дароо эле ырасташты.

“Тинтүү учурунда кармалгандар арасында Салех Абдеслам жок. Табылган заттар же камакка алынган адамдардын өздүгү боюнча башка маалыматтар берилбейт. Ок атуучу курал жана жардыруучу зат азырынча алынган жок. Федералдык прокуратура жана Брюсселдин терроризм иштерине адистешкен судьясы жалпысынан Брюсселде 19 үйдү тинтүүгө уруксат берген. Мындан сырткары Шарлеруа районунан да үч үй тинтилди. Жалпысынан 16 адам камакка алынды”,- деди басма сөз жыйында Бельгиянын федералдык прокуратурасынын өкүлү Эрик ван дер Сипт.

Прокуратура өкүлү кошумчалагандай, рейд учурунда кармалгандардын бири автоунаа менен качууга аракеттенип, бирок полициядан эки ок жеп жаракат алган.

Коопсуздук күчтөрү бүгүн да борбордо беш жерде жана өлкө чыгышындагы Льеж шаарында эки жерде рейд өткөрүшүп, дагы беш адамды кармашты.

Моленбек районундагы рейд. 22-ноябрь, 2015-жыл.
Моленбек районундагы рейд. 22-ноябрь, 2015-жыл.

Брюсселдеги рейддер Париждеги террордук чабуулду ишке ашырды деп шектелгендердин кеминде экөө Бельгия борборунун мигранттар байырлаган Моленбек районунун тургундары болгону менен байланыштуу.

Террордук чабуулдарды ишке ашырууга түздөн-түз тогуз адам тартылганы, алардын жетөөнүн өздүгү аныкталган. Ал эми экөөнүн ким экендиги азырынча билине элек.

Өткөн түнү Брюсселден изделип, бирок табылбаган Салех Абдеслам Париждеги террордук чабуулду ишке ашырууга тикелей катышкандар арасынан тирүү калган акыркысы. 26 жаштагы Абдеслам да Бельгиянын жараны.

Тирүү калган эки шектүүнүн бири, Бельгиянын теги боюнча мароколук жараны Абделхамид Аббауд өткөн шаршембиде Париждеги рейд учурунда өлтүрүлгөнү жума күнү такталган.

Рейд артынан рейд

Буга чейин 19-ноябрдагы рейд учурунда да полиция Париждеги террордук чабуулдарга тиешеси бар деп шектелген тогуз адамды камакка алган. Ал эми 21-ноябрдагы рейд учурунда Брюсселдин полициясы ырастагандай, алар жардыруучу зат даярдоого ылайыкташкан лабораторияны аныкташкан. Ал жайдан курал-жарак табылган, бирок жардыруучу зат же жанкечтилердин жардыруу учурунда колдонгон курлар болгон эмес.

Полиция бул рейд учурунда үч адам кармалганын да билдирген менен алардын чоо-жайы айтылбады.

Париждеги террордук чабуулду “Ислам мамлекети” тобу менен кызматташкандардын Франциядагы жана Бельгиядагы түйүнү ишке ашырганы аныкталып жаткандыктан бул өлкөлөрдүн шек туудурган араб тектүү жарандарына башка мамлекеттер да көңүл бурууда.

Маселен, Түркия да 21-ноябрда террорчу деп шектелген үч адамды камакка алды. Алардын арасында, Бельгиянын теги марокколук жараны Ахмед Дахмани да бар. Ал Парижде террордук чабуулдарды даярдоо учурунда аларды ишке ашырууга мүмкүн болгон жайларды караштырган деп шектелүүдө.

Бельгия өзү болсо, Парижде террордук чабуулдарга байланыштуу кармалган үч жаранына каршы кылмыш ишин ачты.

Төртүнчү баскычка чыккан коопсуздук

Бийликтер коопсуздук боюнча чукул абалдын деңгээли ушул ишембиден тарта борбордо эң жогорку - төртүнчү баскычка көтөрүштү.

Өлкөнүн ички иштер министри Ян Яамбон, премьер-министр Шарль Мишель мунун себебин Париждегидей чабуулдар Брюсселде да кайталануу ыктымалдуулугу өтө жогору экендиги, коркунучу ачык эле бар болгону менен түшүндүрүшүүдө.

“Биз Париждегидей бир нече адам бир нече жерде бир нече кол салуу жасашы мүмкүн деп кооптонуп жатканыбызды ырастайм. Бизде ыктымал буталар эл көп барган жерлер болушунун белгилери бар. Бул соода борборлору, соода көчөлөрү же коомдук транспорт болушу мүмкүн деп ойлойбуз”,- деди Бельгия премьер-министри Шарль Мишель.

Брюсселде метро бүгүн да иштеген жок, бир миллиондон ашуун киши жашаган шаарда мектептер да жабык. Поезддерге, темир жол станцияларына, аэропортторго кошумча коопсуздук күчтөрү жайгаштырылды. Көчөлөрдү аскерлер кайтарып жатат.

Брюсселдин борборундагы аскерлер.
Брюсселдин борборундагы аскерлер.

Шаардын мэри ошондой эле коомдук тамактануу жайларына, соода борборлоруна бүгүн иштебей турууну буюруган. Бирок шаардын четки райондорунда дүкөндөр кадимкидей иштеп жатканы кабарланды.

Бельгиядагы рейддерден, изделип жаткан Салех Абдеслам Германияны көздөй качты деген бейрасмий маалыматтардан улам немис бийликтери да Германия менен чек арасында коопсуздук чараларын күчөттү.​

Брюсселде полиция 16 адамды кармады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG