Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Франция: Куашилердин радикалдашуу тамыры


Шериф (cолдо) жана Саид (оңдо) Куашилер
Шериф (cолдо) жана Саид (оңдо) Куашилер

Францияда туулуп өсүп, өлкөнүн жараны болгон үч жигитке Парижде кандуу кол салууларды ишке ашырууга эмне түрткү берди? Алардын өмүр баянына, таржымалына, радикалдашуу себептерине кызыгуу күчөдү.

Алжирден келген иммигранттардын балдары 1980-жылкы Саид менен 1982-жылкы Шериф Куаши экөө тең Парижде туулган. Кичине кезинде дагы бир иниси, карындашы болуп жетим калган бир туугандар Ренн шаарындагы балдар үйүнө тапшырылат. Чоңойгондо алардын улуусу Саид мейманкана иши боюнча, Шериф болсо дене тарбия жана спорт тармагында кесипке ээ болуп, Парижге кайтышат. Баш калаада алар адегенде исламды кабыл алган француздун үйүндө жашашат. Бир туугандардын кичүүсү пицца ташып иштейт.

"Le Monde" гезити жазгандай, Шерифти жакындан тааныгандар зөөкүр, зордукчул адам катары сүрөттөшөт. Достору менен уурулукка, маңзат сатууга, майда аткезчиликке аралашып жүрчү.

Бир туугандардын сөздүгүндө "жихад" деген сөз 2003-жылы алар Аддава деген мечитке бара баштаганда пайда болот. Бара-бара “рэпти жана сулуу кыздарды жакшы көргөн”, анда-санда шарап ичип, чылым чеккен, сакал койбогон бир туугандар радикалдык идеяларга сугарылып, Фарид Беньетту деген динзардын үйүндө дин сабактарын терең окууга киришет. Ошондон тарта Куашилердин жашоосу түп тамырынан өзгөрөт: экөө тең тамекини таштап, майда аткезчиликти токтотуп, жихад жөнүндөгү видеолорго көбүрөөк кызыга башташат. Libération жазганына караганда, өзгөчө 2003-жылы америкалык жана британиялык аскерлердин Иракка басып кириши, Абу Грайб абагындагы ыдык көргөзүүлөр жигиттерге өзгөчө таасир калтырган.

20-25 жаштагы он чакты улан “эмир” Фарид Беньеттунун айланасына чогулуп, Ирактагы "ал-Каиданын" катарына жихадчыларды жөнөтүү планынын үстүнөн иштешет. Ал кезде Шериф өзүнө “Абу Исен” деген каймана ат тандап алат. Алар күнүгө Париждин түндүгүндөгү Buttes Chamont паркында чуркап машыгат. Мечитте таанышкан киши болсо аларга Калашников автоматын атууну үйрөтөт. Топтун айрым мүчөлөрү 2003-2005-жылдар аралыгында Иракка аттанышат. Бирок Шериф Куаши 2005-жылдын январында Сирияга жөнөөгө камынган кезде Парижде кармалып калат.

Ал абакта 2006-жылдын октябрь айына чейин отуруп, маалыматтарга караганда, андан аркы радикалдашуусу дал ошол кармоочу жайда күчөгөн. Шериф 2001-жылы АКШнын Париждеги элчилигине каршы теракт уюштурууну мерчемдегендиги үчүн 10 жылга кесилген Жамел Бегал менен таанышып, жакындашат. Абу Хамза деген ат менен белгилүү террорчу Ооганстанда Усама Бин Ладен түздөн түз каржылаган согушкерлердин лагеринде машыгып келгенин мойнуна алган.

Түрмөдөн чыккандан кийин Шериф Buttes Chamont боюнча эски шериктери менен байланышып турат. Ал топтун жети мүчөсүнүн иши 2008-жылы Париж сотунда каралган.

Куашилердин кичүүсү сотто “Иракка жөнөө маалы жакындаган сайын, чегинсемби деген ой көбүрөөк пайда боло баштаган. Бирок баш тартсам, калгандар мени коркок деп ойлоп калышмак” – деген.

2008-жылдын 14-майында сот аны үч жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок 18 ай шарттуу түрдө берилгенин, сотко чейин убактылуу жайда өткөргөн мөөнөтүн эске алганда, Шериф дароо камактан бошотулган. Агасы Саид болсо ал иш боюнча 72 саатка көзөмөлгө алынат да, кийин шектүүлөрдүн катарынан чыгарылат.

Сыртынан караганда Шериф оңолуу жолуна түшкөндөй көрүнгөн. Ошол эле жылы жазында үйлөнүп, балык саткан дүкөнгө жумушка орношот. Ноябрда аялы менен бирге түркиялык туроператор аркылуу Мекеге зыяратка барып келет. Аялы Иззана ошондон кийин паранжы кийип, бала бакчадагы ишин таштайт.

2010-жылы Шериф үй камагында отурган Жемал Бегал жана жихадчылык үчүн отуруп чыккан дагы эки киши менен бир нече жолу жолугушканы аныкталган.

Өткөн жумада Париж шаарынын прокурору Франсуа Молэн Куашилердин кичүүсү 2011-жылы Йеменде даярдыктан өтүп келгенин бышыктады. Ал эми башка бир булактар Йеменге улуусу Саид барганын, бул тууралуу ал өлкөнүн бийликтери америкалык атайын кызматка маалымдашканын ырасташат. Ошондон кийин ал АКШга кирүүгө тыюу салынгандардын “кара тизмесине” киргизилген.

Франциянын коопсуздук күчтөрү аларды тыңшап, интернетте көз салып турганы менен, алардын жүрүм-турумунда терроризмге шектүү эч нерсе байкаган эмес. Саидди көзөмөлдөө былтыр жайында токтотулган.

Мындан улам бир туугандар полициянын, коопсуздук кызматтарынын көзүнө чөп салып, террорчул аракеттеринен шек чыгарбай, өз ишмердигин жаап-жашыруунун тактикасын мыкты өздөштүргөнү айтылууда.

Бир тууган Куашилерден айырмаланып, полициячыны жана жөөт дүкөнүндөгү төрт кишини атып өлтүргөн Амеди Кулибали коопсуздук күчтөрү тарабынан көзөмөлгө алынбаса дагы 1995-жылкы кол салууга катышкан террорчуга качууга жардам берүү аракети үчүн беш жылга кесилген. Ал да Шериф Куаши отурган түрмөгө жатып чыккан.

Париж: шектүү ага-ини өлтүрүлгөнү кабарланды (9-январь, 2015)
Париж: шектүү ага-ини өлтүрүлгөнү кабарланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00

XS
SM
MD
LG