Президенттик шайлоо алдында биригүүнү чечкен төрт саясатчы алып чыга турган бирдиктүү талапкер өзүлөрүнүн арасынан тандалат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна "Мекенчил Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
- Төртөөбүз биригип партия түзүү боюнча келиштик, азыр төртөөбүздөн бир талапкерди алып чыгууну сүйлөшүп жатабыз. Бирок бизге дагы башкалар кошулам десе даярбыз, - деди Ташиев.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров, “Ата-Журт Мекенчил” партиясынын теңтөрагалары Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев жана “Өнүгүү Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев 6-августта келишим кабыл алышкан. Анда жаңы партия түзүү жана бирдиктүү талапкерди колдоо тууралуу айтылат.
Төртөө тең ага чейин талапкер болуп катталуу үчүн Боршайкомго өз алдынча арыз тапшырышкан.
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (TSh/RK)