Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Шайлоо-2017: Ташиев кыргыз тилинен тест тапшырды


Камчыбек Ташиев тест тапшырууда
Камчыбек Ташиев тест тапшырууда

"Ата-Журт Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн мамлекеттик тил боюнча тестирлөөгө катышып, 83,25 упай алды. Аны президенттикке "Ата Журт" партиясы 18-июлда көрсөткөн.

15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер макамы тил боюнча тесттен өтүп, 30 миңден кем эмес кол топтоп, 1 миллион сом күрөө кое алгандарга ыйгарылат.

Буга чейин тестке 28 адам катышты, алардын дээрлик баары ийгиликтүү өттү, бирөө гана, ишкер Руслан Жунусов 46 балл алып, өтпөй калды.

Эң жогору упай алгандар азырынча Адахан Мадумаров (96,77) Турсунбек Акун (94,75) жана Сооронбай Жээнбеков (94,6).

Тестирлөө өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө Жободо “Эгерде талапкер тест боюнча зарыл болгон жалпы баллды топтой алса (бардык субтесттердин суммасынын 60% ашса) ага В2 (“Ортодон жогору”) деңгээлде мамлекеттик тилди билээрин ырастаган Улуттук комиссиянын сертификаты берилет. Эгерде талапкер 100% ичинен 60% аз балл топтосо, ага субтесттер боюнча алган баллы көрсөтүлгөн маалымкат берилет” деп белгиленген. Ал эми сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты тапшырылат.

Бүгүн ошондой эле Алмазбек Каримов, Токтайым Үмөталиева да тесттен ийгиликтүү өтүштү. (RK)

XS
SM
MD
LG