Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:50

Сариев Жээнбеков тууралуу арызын БШК карабай жатканын билдирди


Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков

Борбордук шайлоо комиссиясы Темир Сариевдин Сооронбай Жээнбеков боюнча даттануусун кароо үчүн жыйынга чогулган жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Сариевдин штабынан кабарлашты.

Ал өзү Фейсбук баракчасына бул тууралуу "Бардык талапкерлерге калыс атаандаштык шарттарын түзүү боюнча кечээки билдирүүмө карата БШК бүгүн 9-августта жыйын өткөрмөк. Бирок, тилекке каршы жыйынга комиссиянын бир дагы мүчөсү келген жок. Бул БШКнын кайдыгерлигиби деген суроону бергим келип жатат. Ошого карабастан, далилдер жана материалдар менен толукталган арызыбызды расмий түрдө БШКда каттаттып келдик" деп жазды.

"Азаттык" бул боюнча Боршайкомго кайрылганда мекеменин маалымат кызматы бүгүн саат 11ге БШК жыйын пландаган эмес деп жооп беришти.

Президенттикке талапкер Темир Сариев бийликтин партиясынан президенттик жарышка бараткан премьер-министр Сооронбай Жээнбековду кызмат абалынан пайдаланып, үгүт иштерин жүргүзүүдө деп 8-августта сынга алган болчу. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG