Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Кытайдагы зилзала курмандыктары өсүүдө


Зилзаладан жабыркагандар
Зилзаладан жабыркагандар

Кытайдын түштүк-батыш аймагында 9-августка оогон түнкү зилзаланын курмандыктары такталууда. Акыркы маалымат боюнча табият кырсыгынан өлгөндөр 19 кишиге жетти. 250 чамалуу адам жаракат алганы расмий кабарланды. Набыт кеткендердин арасында туристтер да бар.

АКШ геология кызматынын маалыматына караганда, 6,5 баллга жеткен жер титирөө очогу Сычуань провинциясынын Цзючжайгоу туристтик жайына жакын жерде болгон.

Андан бир нече сааттан кийин дагы ошончо кубаттагы силкинүү Кытай-Казакстан чек арасына жакын жерде катталган.

Биринчи зилзала аймагынан 31,5 миң турист коопсуз жайга чыгарылганын "Синьхуа" маалымат агенттиги маалымдады.

Жердин силкинүүсү Кыргызстанда да сезилген.

XS
SM
MD
LG