Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Шайлдабекова: Текебаевдин” Кыргызстест” маселесин БШК карайт


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер катары кыргыз тил сынагын тапшыруу маселеси БШКнын отурумунда бүгүн, 10-августта каралат. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова “Азаттыкка” билдирди.

- БШКнын талапкерлердин документтерин кабыл алган жумушчу тобу бул маселени бүгүн отурумга алып чыгат. Анткени биз соттун чечимин урматтайбыз. Жогорку Сот бул маселе боюнча ары же бери деген чечим кабыл алынышы керек деген. Бүгүн отурумда чечим кабыл алынат, - деди Шайлдабекова.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттикке өзүн-өзү көрсөткөн. Ал талапкер статусун алыш үчүн 26-июлда кыргыз тилинен сынак тапшыруусу керек болчу. Бирок БШК камактагы талапкерди сынактан өткөрүү эч бир жободо каралбаганын айтып, бул маселени кароодон баш тартып келген. Мындан улам Текебаевдин жактоочулары сотко даттанган. Бишкектин райондор аралык соту жана Жогорку Сот БШК маселени кароого милдеттендирген. (UEz)

XS
SM
MD
LG