Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Исаев: Түндүк-түштүк альтернативалык жолу эки эсе кымбат курулууда


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативалык жолдун курулушу башка трассаларга салыштырмалуу эки эсе кымбат курулуп жатканын айтып чыкты. Ал интернетке жарыялаган видеокайрылуусунда бул маселени парламентте көтөрөрүн билдирди.

- Жогорку Кеңештин жаңы сессиясы башталганда түндүк-түштүк жолунун маселесин көтөрөбүз. Бизге жеткен маалымат боюнча жол эки эсе кымбат курулуп жатат. Буга байланыштуу каникул экенине карабай, Транспорт министрлигине 5-6 кат жолдодум, - деди Исаев.

Анткен менен Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов депутаттын шектенүүсү негизсиз экенин айтууда. Анын маалымдашынча, түндүк-түштүк жолунун курулушун башка түз жолдорго салыштырып болбойт. Анткени аталган жолдо копүрө, тоннель сыяктуу каражатты көп талап кылган курулуштар бар.

Түндүк менен түштүктү бириктирген Балыкчы – Жалал-Абад жолунун узундугу 433 чакырымды түзүп, анын курулушуна 855 млн доллар керектелет. Курулуштун эки фазасына Кытайдын импорттук “Эксим” банкы 400 млн доллар жеңилдетилген насыя берген. Калганы кайсы булактардан каржыланары белгисиз. Бул жолдун курулушун президент Алмазбек Атамбаев өзү демилгелеген. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча курулуш 2018-жылдын аягында бүтөт.(UEz)

XS
SM
MD
LG