Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:42

КСДПнын саясий кеңеши депутат Мусабекованын маселесин карады


Жылдыз Мусабекова.
Жылдыз Мусабекова.

КСДП партиясынын саясий кеңеши 9-августтагы жыйынында парламент депутаты Жылдыз Мусабекова менен кабарчы Үпөл Анаркулованын араздашуусун талкуулады. Бул тууралуу партиянын катчылыгы маалымат таратты. Саясий кеңеш бул маселе боюнча Мусабекованын маалыматын угуп, экөөнүн телефондук сүйлөшүүсү КСДПга көлөкө түшүргөнүн белгилеген. Депутат интернетке тараган аудио бурмаланганын сотто далилдерин убада кылган. Мындан улам КСДП анын партиялык жоопкерчилиги соттук териштирүүдөн соң каралат деген чечим алган.

2-майда КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова менен “Алиби” гезитинин кабарчысы Үпөл Анаркулованын телефондогу сүйлөшүүсү интернетке чыккан. Анда депутат өзү жөнүндө такталбаган маалымат таратканы үчүн журналистти оозго алгыс сөздөр менен опузалаганы жазылган. Кийинчерээк эл өкүлү ал аудио монтаждалганын билдирген, бирок журналист жазуу жасалма эместигин айткан.

Экөөнүн жаңжалы коомчулукта кызуу талкууланып, КСДПнын парламенттеги лидери Иса Өмүркулов эл өкүлүнүн жоругу фракция жыйынында караларын, моралдык жагы талкууланарын билдирген. Бирок Мусабекова бир канча жолу жыйынга келбей койгону кабарланган эле. (UEz)

XS
SM
MD
LG