Баткенде Талас облусунун маданият күндөрү башталды. 10-12-августта Таластан барган маданият өкүлдөрү Баткен аймагын кыдырарын облустук администрациядан "Азаттык" радиосуна кабарлашты.
Демилге быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында уюштурулуп, Таластан 80 адамдан турган өкүлдөр маданий иш-чаралар менен кошо кол өнөрчүлүк, каада-салт, ынтымакка чакырган акцияларды уюштурушат. Баткен облусунун тарыхый жана өзгөчө аймактары менен тааныштыруу да болот.
Ушул ай башында Баткен облусунан өкүлдөр Талас аймагында болуп ушундай эле иш-чара уюштурулган. (JsA)