Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Жалал-Абадда туристтерди коркутту деген жаран жазаланды


Сары-Челек
Сары-Челек

Жалал-Абадды кыдырып жүргөн чет элдик туристтер жергиликтүү тургундардын опузалоосуна күбө болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна туристтерди коштоп жүргөн, коопсуздук үчүн аты-жөнүн атагысы келбеген кыргызстандык котормочу жаран кабарлады. Анын айтымында, окуя 7-августта ичинде Испаниядан келген төрт турист отурган унаа Арстанбаптан Сары-Челекти көздөй бара жатканда жолдо болгон.

- Бир машина биздин жолубузду тороп калды. Алар кол булгалап жатканынан бизди өткүлө деген экен деп ойлогонбуз. Бирок өтүү мүмкүн болгон жок.

Котормочунун айтымында, жол торогондор туристтерди ташыган унаанын айдоочусунун акчасын тартып алышкан. Буга байланыштуу ички иштер органдарына арыз берилген

"Азаттык" радиосу облустук милицияга кайрылганда "туристтердин унаасын токтотуп, акча талап кылды деген маалымат чындыкка жатпайт" деген жооп алды.

Милициянын маалыматына караганда, айдоочулар жол талаша кеткен, жеринде териштирүү жүрүп, туристтерди ташып бараткан унаанын айдоочусу жергиликтүү тургундун үстүнөн ал акаарат келтирди деген негизде арыз жазган. Административдик кодекстин негизинде ага айыппул салынды.

Испаниялык туристтер Кыргызстанга биринчи жолу келген. 31-июлда башталган сапары бүгүн соңуна чыгууда, эртең алар мекенине жөнөп кетет. (RK/RsK)

XS
SM
MD
LG