Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Чоң-Чүй каналына агып кеткен 15 жаштагы бала табыла элек


Чоң-Чүй каналы
Чоң-Чүй каналы

9-август күнү Чоң-Чүй каналына 15 жаштагы эркек бала киринип жатып, агып кеткен. ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жана Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүп, бирок бала табылган жок. Издөө иштери бүгүн да улантылат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Шейшембиде Ош шаарындагы "Альплагер" эс алуу борборунун жанындагы "Южный" каналына 11-12 жаштагы эки бала түшүп жатып агып кеткен. Алардын сөөгү кечээ табылган.

Адистер сууга түшүү учурунда коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери 113 адам сууга чөгүп каза болгон. Анын 33ү балдар. Аймактардан сууга чөккөндөр эң көп Чүй облусунда катталган. Соңку үч жылда сууга чөгүп каза болгондордун саны кескин өстү. Акыркы алты жылда мындай кырсыктан жалпы 500дөн ашык адам мерт болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG