Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Америка континентинин жарымы Венесуэла шайлоосун тааныган жок


Полиция менен кагылышуулардын бири
Полиция менен кагылышуулардын бири

Түштүк жана Түндүк Американын 17 өлкөсү Венесуэланын "Конституциялык ассамблея" аталган жаңы саясий органынын мыйзамдуулугун тааныган жок. Бул тууралуу Канада, Бразилия, Аргентина, Мексика, Чили, Колумбия, Перу жана башка өлкөлөр кирген жаңы аймактык блоктун тышкы иштер министрлеринин жамааттык билдирүүсүндө айтылат.

Перудагы жолугушууда дипломаттар Венесуэлада "демократиялык эреже кулады" дешти. Ошондой эле бул өлкөнүн парламентинин чечимин гана мыйзамдуу эсептейли деп макулдашышты. Айрымдары президент Мадуронун режимин диктатура катары баалашты. Эл аралык уюмдар жана айрым өлкөлөр жалаң бийликчилдерден "Конституциялык ассамблея" куроо менен Мадуро бийликти узурпациялап алды дешет.

Ошол эле учурда Никарагуа, Эквадор, Куба жана Венесуэланын өзү кирген ALBA тобу Каракасты колдошот.

Социалдык-экономикалык кризиске баткан Венесуэлада бир нече айдан бери ондогон адам өмүрлөрүн алган каршылык акциялары токтобой келет. Ага карабай, парламенттен күчтүү орган саналган ассамблеяга шайлоо 30-июлда өткөн.

XS
SM
MD
LG