Түндүк Корея кечээги билдирүүсүн дааналап, америкалык аскер базалары жайгашкан Гуам аралдарына сокку уруу планын августту ортолой иштеп чыгарын жарыялады.
Армия командачылыгы орто аралыктагы "Хвасон-12" ракетасын учурууга даярдап атканын тактады. Планга ылайык, ракеталар Жапониянын үстүнөн учуп өтүп, Гуамга жакын аймактагы сууга түшөт делет.
Пхеньян ракеталык программасы аймакта америкалык күчтөрдү тизгиндеп туруу үчүн гана багытталган деп белгилөөдө.
Кечээ АКШ коргоо министри Жеймс Мэттис Түндүк Кореяны өзөктүк курал жасоону токтотууга жана дүйнөлүк коомчулуктан обочолонбоого чакырган. АКШ президенти болсо Пхеньяндын опузасына эси-көөнүнөн кеткис жооп берилерин убада кылган.
Андан мурдараак, ишембиде БУУ Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноолоруна каршы санкцияларды күчөтүүнү бир добуштан колдогон.