Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Түндүк Корея АКШга сес көрсөттү


Түндүк Кореянын ракетасы
Түндүк Кореянын ракетасы

Түндүк Корея Кошмо Штаттарга караштуу Гуам аралына ракеталык сокку уруу планын дыкат караштырып жатканын билдирди. Тынч океандын батыш жээгинде жайгашкан бул аралда америкалык аскерий базалар жайгашкан. Пхеньяндын бул билдирүүсүнөн бир нече саат мурда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп эгер Түндүк Корея ачуусуна тийсе, Вашингтон көргүлүктү көрсөтөрүн эскерткен.

Эгер Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын тиешелүү чечим кабыл алса орто аралыктагы баллистикалык ракета Гуам аралына кайсы гана убакыт болбосун урулушу мүмкүндүгүн Түндүк Кореянын армиясынын маалымат бөлүмү билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик телеканалы аркылуу жарыяланды.

- Корей элдик армиясы орто жана алыс аралыкка уча турган Hwasong-12 баллистикаллык ракетасы менен Гуам аралына сокку уруу боюнча оперативдик планды караштырып жатат. Максат ал жактагы америкалык негизги аскерий базаларга, анын ичинде Андерсон аба базасына сокку уруу, - деди Түндүк Кореянын мамлекеттик каналынын алып баруучусу.

Сөз болуп жаткан Гуам аралы Азия-Тынч океан аймагында аскерий миссияларды ишке ашырууга колдонулчу Американын башкы базасы болуп саналат. Гуамдын губернатору Эдди Калво Пхеньяндын коркутуп-үркүтүүлөрүн четке кагып, арал күтүүсүз кокустуктарга даяр экенин айтты.

Гуам аралы
Гуам аралы

Ал ошондой эле Ак үй менен бул боюнча байланышта экенин жана калкынын саны 163 миңге чукул аралдын коопсуздугуна азырынча эч нерсе шек келтирбесин кошумчалады.

- Мен бүгүн эртең менен эле Ак үй менен байланыштым. Гуамга кол салуу же анын дарегине коркутуп-үркүтүүлөрдү билдирүү бул АКШга жасалган чабуул же коркутуу дегенди айгинелейт. Вашингтон кандай болгон күндө да бизди коргоп аларын билдирди. Гуам - Американын пайдубалы, биз жөн гана аскерий база эмеспиз. Аралда жана Мариан архипелагында 200 миңдей америкалык бар, - деди Калво видео аркылуу жасаган кайрылуусунда.

Бир күн мурда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Пхеньяндын опузасына буга чейин болуп көрбөгөндөй жооп кайтарылышы ыктымалдыгын эскерткен.

- Түндүк Корея АКШнын дарегине келечекте коркутуп-үркүтүүлөрдү айтуудан карманышы зарыл, антпесе алар буга чейин дүйнөнүн эси- көөнүнөн кеткис көргүлүктү көрөт, - деди Трамп.

Түштүк Кореялык адам Трамп менен Ким Чен Ын тууралуу телеберүүнү көрүп отурат.
Түштүк Кореялык адам Трамп менен Ким Чен Ын тууралуу телеберүүнү көрүп отурат.

Трамптын мындай эскертүүсүнө ошол эле шейшемби күнү Washington Post басылмасы жарыялаган макала түрткү болду. Анда америкалык аналитиктердин докладына шилтеме жасалып, Пхеньян баллистикалык ракеталарга орнотула турган өтө кичинекей өзөктүк дүрмөт чыгарганы жазылган.

Буга чейин Батыш аналиктери Түндүк Корея үчүн өзөктүк куралдын эң татаал компоненти деп эсептелген, ишке жарамдуу дүрмөттү чыгарууга бир нече жыл керектелет деп боолгоп келишкен. Ал эми Пхеньян мындай дүрмөттү былтыр эле чыгарганын шарданалаган. Аналитиктердин божомолун АКШнын союздашы Жапониянын коргоо министри 8-августта жарыялаган баяндамасында да ырастап, Түндүк Корея өзөктүк дүрмөттү чыгарышы толук мүмкүндүгүн билдирген.

Ак үй менен Пхеньяндын ортосундагы келишпестик Түндүк Корея июль айында континенттер аралык баллистикалык ракеталардан экини сынагандан кийин күчөдү. Пхеньян бул сыноолорун Кошмо Штаттардын континенталдык бөлүгүнүн кай тарабына болбосун жете турган баллистикалык ракеталарды жасоого болгон алгачкы кадам деп сыпаттаган.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 5-августта Пхеньянга анын өзөктүк программасын токтотууга басым жасоо үчүн жаңы экономикалык санкцияларды киргизген. Бул чектөөлөр Түндүк Кореянын бир миллиард долларга жакын экспорттук кирешесин үзгүлтүккө учуратат деп күтүлүп жатат. Бул экспорттук кирешенин үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Пхеньян санкциялар алардын көз карандысыздыгына шек келтиргенин айтып, алардын сыноолору өзүн коргоо максатында уюштурулуп жатканын ырастап келет. Ошону менен катар Түндүк Корея АКШ менен коңшусу Түштүк Кореяны биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүү менен чыңалууну козутуп жатканына да айыптаган.

Ал тапта АКШнын Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түштүк-Чыгыш Азияга жасаган сапарынын алкагында 9-август күнү Малайзиянын расмийлери менен сүйлөшүп, Түндүк Кореянын ракеталык программасын токтотуу максатында Пхеньянга басым жасоодо өнөктөш болууга чакырды.

Тиллерсон Малайзияга барган Трамптын администрациясындагы биринчи адам. Ал жабык эшик артында өлкөнүн премьер-министри Нажиб Разак жана анын орун басары Захид Рахими менен жолугушту. Тиллерсондун бул чөлкөмгө болгон биринчи сапары Манилада башталган. Ал аймактын АСЕАН форумуна катышып, андан соң Таиландга барган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG