Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Пхеньян континент аралык ракетасын сынаганын ырастады


"Хвасон-14" континеттер аралык ракетасы.
"Хвасон-14" континеттер аралык ракетасы.

Түндүк Корея жаңы континенттер аралык баллистикалык ракетасын ийгиликтүү учурганын ырастады. Расмий Пхеньян бул ракета Жер планетасынын бардык тарабына жете аларын кабарласа, Кошмо Штаттар жана Түштүк Кореянын илимпоздору орто аралыктагы ракета учурулганын айтышты.

4-июлда өткөрүлгөн сыноо туралуу Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы жарыялап, "Хвасон-14" континеттер аралык ракетасы 2800 км бийиктикте учуп, 39 мүнөттө 900дөй километрге жетип кулаганын жарыялады.

- Ким Чен Ындын стратегиялык чечимине ылайык, Түндүк Кореянын Коргонуу академиясынын окумуштуулары жана техникалык адистери жакында эле чыгарылган "Хвасон-14" континенттер аралык баллистикалык ракетаны ийгиликтүү сыноодон өткөрүштү. Ракета 2802 километр бийиктикке көтөрүлүп, 933 чакырым аралыкты учуп өттү.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.

​Курал боюнча батыш эксперттери 4-июлда орто аралыктагы, баллистикалык ракета учурулганын айтып, ал Аляскага жете алган кубатка ээ болушу мүмкүндүгүн боолгошту.

Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү жасаган билдирүүгө караганда ракета 930 чакырым аралыкты учуп өтүп Жапон деңизине, Жапониянын экономикалык зонасына жакын жерге түшкөн. Түштүк Кореянын президенти Мун Жай Ин бул кадамды кескин сынга алды.

- Кошмо Штаттардын жана Түштүк Кореянын өкмөтүнүн негизги талкууларына ылайык, Түндүк Корея соңку ирет орто аралыктагы баллистикалык сыноону өткөрдү. Ошентсе да бул ракета континенттер аралык баллистикалык ракета болушу мүмкүндүгүн да анализдеп жатабыз. Эгер ошондой болуп калса анда тиешелүү контрчараларды көрөбүз.

Бул маалыматты Вашингтон да ырастап, 4-июлда континенттер аралык эмес, орто аралыкка уча ала турган ракета сыноодон өткөрүлгөнүнө токтолду.

АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасына "Жапония менен Түштүк Корея мындан ары да чыдарына ишенүү кыйын. Балким Кытай олуттуу кадам жасап, бул башаламандыкка чекит коер", -деп жазды.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абе Орусия жана Кытайдын лидерлерин конструктивдүү роль ойноого чакырды.

- Жапония АКШ жана Түштүк Корея менен биргеликте Түндүк Кореяга эл аралык басымды күчөтүүгө аракет кылат. Мен ошондой эле Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Орусиянын президенти Владимир Путинди бул маселеде конструктивдүү роль ойноого чакырам.

Окумуштуу Дэвид Райт ракетанын траекториясы жарым тегерек формасында болушу мүмкүндүгүн боолголоду
Окумуштуу Дэвид Райт ракетанын траекториясы жарым тегерек формасында болушу мүмкүндүгүн боолголоду

​Жапониянын өкмөтү ракета 2500 чакырым бийиктиктен да өйдө көтөрүлгөнүн ырастоодо. Бул деген ракета Жердин атмосферасынан чыгып, космоско кирип, кайра кайтып келди дегенди билдирет.

Мындай маалыматтардан улам америкалык окумуштуу Дэвид Райт ракетанын траекториясы жарым тегерек формасында болушу мүмкүндүгүн боолголоду. Ал эми Орусиянын Коргоо Министрлиги АКШ, Жапония жана Түштүк Кореянын окумуштууларынын анализдеринин жыйынтыктарын четке кагып, ракета болгону 535 чакырым бийиктикке көтөрүлгөнүн жана Жапон деңизине түшкүчө 510 километр аралыкты учуп өткөнүн билдирди.

Ракета Түндүк Кореянын баш каласы Пхеньяндын түндүк-батыш тарабындагы аэродромдон учурулган. Бул сыноо Германиянын Гамбург шаарында 7-июлда баштала турган Чоң жыйырманын саммиттин утурлай жасалды. Бир нече күн мурда Түштүк Кореянын президенти Мун Жай Ин Кошмо Штаттардын президенти Трамп менен Вашингтондо жолугуп, Түндүк Корея маселеси боюнча болжолдуу сүйлөшүүлөр үчүн эшикти ачык коюш керектегин талкуулашкан.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин эскертүүлөрүнө, АКШнын ыктымал аскерий чара менен коркутуусуна карабай Түндүк Корея ушуну менен быйыл эле 11 жолу ракеталык сыноону өткөрдү.

Коопсуздук кеңеш жайдын башында эле Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программасына тиешеси бар төрт мекеме-ишканасына, 14 расмий адамына каршы санкцияларды бир добуштан жактырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG