Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

АКШ-Кытай Түндүк Корея көйгөйүн талкуулады


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын ракета сынактардын бири учурунда.

Кошмо Штаттар Кытайды Түндүк Кореяга анын өзөктүк жана ракеталык программасынан улам кысымды күчөтүүгө чакырды. Мындай чакырык Вашингтондо эки өлкөнүн жогорку даражалуу расмий өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүндө жасалды. АКШ менен Кытайдын сүйлөшүүсү Түндүк Кореянын түрмөсүнөн кома абалында чыгарылган америкалык студент каза таап, Вашингтон Пхеньянды бул окуяга байланыштуу кескин сындап жаткан учурга туш rелди.

Вашингтондо жабык эшик артында өткөн сүйлөшүүлөргө АКШдан мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон, коргоо министри Жеймс Мэттис, Кытай тараптан компартияда тышкы саясатты тейлеген Янг Цзечи, армиянын Башкы штабынын башчысы Фан Фэнхуэй жетектеген өкүлдөр катышты.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон мына ушул жолугушуудан кийинки сөзүндө Кытай “Кошмо Штаттар Түндүк Кореяны эң башкы коопсуздук коркунучу деп карарын түшүнөрүн” белгилөө менен төмөнкүлөргө токтолду:

- Биз Кытайга, эгер алар аймактагы (Корей жарым аралындагы)кырдаалдын мындан ары да эскалациялануусун алдын алгысы келсе режимге дипломатиялык жана экономикалык кысымды кеңейтүү үчүн дипломатиялык жактан жоопкер экенин дагы бир жолу кайталадык. Арам акчаны адалдоо, сыртта жүргөн кореялыктарды тоноо, карасанатай киберишмердик болобу Түндүк Кореяда анын курал программасын каржылоого жардам берген бир катар кылмыштуу ишканалар бар. Биз алардын киреше булактарын кыркуу боюнча аракеттерди күчөтүшүбүз керек.

Рекс Тиллерсон Кытай да, АКШда Корея жарым аралы өзөктүк куралдан ал кайра кайтып келгис болуп биротоло арылуусун жактарын да кошумчалады.

АКШ- Кытай сүйлөшүүсү. Вашингтон, 21-июнь, 2017-жыл.
АКШ- Кытай сүйлөшүүсү. Вашингтон, 21-июнь, 2017-жыл.

Вашингтон менен Бээжиндин азыркы сүйлөшүүлөрү алдында АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын Түндүк Кореяны өзөктүк программадан баш тарттыруу боюнча аракеттери оңунан чыкпады деп билдирген болчу.

Трамп ошондой эле Түндүк Кореянын түрмөсүнөн кома абалында чыгарылып, каза болгон америкалык 22 жаштагы студенттин өлүмүнө байланыштуу расмий Пхеньянды “мыкаачы режим” деп да атаган эле.

Пхеньянда пропагандалык плакатты уурдоо менен тыңчылык кылды деп айыпталып, былтыр мартта соттолгон Отто Уормбиер мекенине өткөн аптада эс-учун жоготкон абалда жеткирилген соң каза тапкан. Анын өлүмүн америкалык расмилер Түндүк Корея режими “чагымчыл экенинин” далили деп мүнөздөшүүдө.

Отто Уормбиер Пхеньяндагы сотто. 16-март, 2016-жыл.
Отто Уормбиер Пхеньяндагы сотто. 16-март, 2016-жыл.

Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдөн кийин Кытайдын жогорку даражалуу өкүлдөрү талкууланган маселе боюнча алардын турумун же Бээжин Пхеньяга чын эле АКШ каалагандай дипломатиялык жана экономикалык кысым көргөзө алар-албасын прессага айтышкан жок.

Бирок Бээжинден Тышкы иштер минстрлигинин өкүлү Гэнг Шуанг буларга токтолду:

- Түндүк Корея көйгөйүн чечүү үчүн Кытай талыкпастан, башынан аягына чейин жигердүү, конструктивдүү аракеттерди көрүп жатат. Баса белгилеп кетким келет, Корей жарым аралындагы чыңалуудан кийин Кытай сүйлөшүүлөргө жигердүүлүк менен ортомчулук кылды. Азыр тараптардын сунуштарын угуу үчүн токтоп турат. Көзү бар ар бир адам Кытайдын салымын көрүүдө.

Пхеньяндын тышкы соода-сатыгынын дээрлик 90% азыр Бээжиндин үлүшүнө туура келет. АКШнын Кытай Түндүк Кореяга кысымды күчөтүүсү керек деген чакырыгы ириде Бээжиндин Пхеньянга экономикалык таасири чоңдугу менен байланыштуу болду.

Келерки аптада АКШга иш сапары менен Түштүк Корея президенти да барганы турат.

Мун Чжэ Ин 22-июнь күнү Рейтер агенттиги менен маегинде Кытайдын Түндүк Корея көйгөйүндөгү ролу тууралуу буларды айтты:

- Менимче Кытай Түндүк Корея кошумча чагымдарын токтотуусу үчүн аракеттенүүдө. Бирок азырынча сезилерлик жыйынтык болбой жатканы чын. Түндүк Кореяга эң чоң экономикалык жардамды Кытай берет. БУУнун Коопсуздук кеңешинин эл аралык санкцияларында Кытай менен кызматташуусуз ал санкциялардан эффект болбойт.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Пхеньяга каршы соңку санкцияларды өткөн айда жактырган.

Америкалык WSJ IE басылмасы 22-июнда жазгандай, “АКШ Кытайдан алардын он компаниясы менен жеке адамдардын Түндүк Корея соода кылуусун токтотууну суранган. Эгер Кытай буга барбаса, АКШ быйыл жайда ал компанияларга каршы бир тараптуу чара көрүүгө даяр”.

Ал эми Кытайдын мамлекеттик, бирок өкмөттүн турумун чагылдырбаган Global Times гезитинин жазганына караганда, кокус Бээжиндин кадамдарына ыраазы болбогон АКШ Түндүк Корея менен иштешкен кытайлык компанияларга санкция киргизүүгө барса, бул эки өлкөнүн ортосунда “чоң ажырымга” алып барат.

Буга чейин АКШ Орусиянын Түндүк Корея менен иштеген эки компаниясына каршы санкция киргизген.

Пхеньянын өзөктүк бомбасын акыркы ирет былтыр сентябрда сынаган. Бирок баллистикалык жана башка ракеталарын андан бери дембе-дем сынап келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG