Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:58

Түндүк Корея баллистикалык ракетасынын жаңы түрүн сынаганын ырастады. Коңшу Түштүк Корея менен Жапония акыркы окуяны да адаттагыдай эле кооптонуу менен кабыл алды. Удаа-удаа болуп жаткан ракеталык сыноолордон улам Пхеньянга каршы санкцияларды күчөтүү маселеси БУУнун Коопсуздук кеңешинде азырынча макулдашылбай турат.

Баллистикалык ракетанын багыттоочу так система менен көзөмөлдөнгөн тиби өлкө лидери Ким Чен Ындын тикелей катышуусунда сыналганын Түндүк Кореянын мамлекеттик KCNA жаңылыктар агенттиги шейшембиде ырастады.

Түндүк кореялыктар өздөрү атагандай “Хвасон” ракеталарынын автоматташтырылган системасы мурдагылардан жакшыртылган тиби дүйшөмбү күнү Wonsan аба базасынан атылгандан кийин өлкөнүн чыгыш жээгиндеги деңизге барып кулаган.

“Хвасон” баллистикалык ракетасы учурулган кез. 30-майда таратылган сүрөт.
“Хвасон” баллистикалык ракетасы учурулган кез. 30-майда таратылган сүрөт.

АКШ армиясынын Тынч океан боюнча командачылыгы бул жолку сыноодо атылган ракетаны “кыска аралыкка учуучу баллистикалык” деп мүнөздөдү.

Түштүк Кореянын жана Жапониянын бийликтери сыноону камтамачылык менен, Пхеньяндын кезектеги чагымы катары кабыл алышты. Жапон премьер-министри Синзо Абэ Токиодон кабарчыларга буларды айтты:

- Биз эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрүн утур-утур жээрип жаткан Түндүк Кореянын мындай чагымдарына жол бере албайбыз. Жакында эле "Чоң жетинин" саммитинде биз Түндүк Корея проблемасы эл аралык коомчулук үчүн башкы артыкчылык деп макулдаштык. Пхеньянды ооздуктоо үчүн биз Кошмо Штаттар менен чогуу атайын чараларды көрөбүз. Ага катар эл аралык коомчулуктагы кызыкдар өлкөлөр координациялап, элдин коопсуздугун коргоо үчүн зарыл иштин баарын жасайбыз, кыраакылыктын жогорку деңгээлин көргөзөбүз.

Жапон премьер-министри Синзо Абэ жана АКШ президенти Дональд Трамп
Жапон премьер-министри Синзо Абэ жана АКШ президенти Дональд Трамп

Ал эми Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Пхеньяндын акыркы сыноосунан улам Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин чукул жыйынын чакырган. Ушуну менен акыркы жарым жыл ичинде Түндүк Корея өзөктүк сыноодон кеминде экөөнү өткөрүп, ал эми баллистикалык ракеталарынын болсо ондогондорун учуруп көрдү.

Пхеньяндын өзөктүк да, ракеталык да программаларына БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциялары менен тыюу салынган. Ал жерде Түндүк Кореяга каршы санкцияларды мурдагыдан да күчөтүү маселеси макулдашыла албайт жатат.

Өткөн аптада санкциялардын күчөтүлүшүнө Кытай каршы чыгып, Бээжиндин БУУдагы элчиси Лю Цзеи алардын турумун мурдагы санкциялар да толук кандуу аткарылбай жатканы менен түшүндүрдү. Кытай ошондой эле Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырууга да чакырды.

Ал эми башкы соода өнөктөш катары Түндүк Кореяга таасиринен пайдаланып, аны өзөктүк жана ракеталык программаларынан баш тарттыруу ишинде Кытай көбүрөөк роль ойнойт деп күткөн АКШ сыноолорун токтотмоюнча Пхеньян менен сүйлөшүү мүмкүн эмес деген турумда.

АКШ президенти Дональд Трамп жакында Европадагы сапары учурунда да Түндүк Кореяны көйгөйлүү маселе деп атаган эле.

АКШ коргоо министри Жим Мэттис ушул дем алыш күндөрү Си-Би-Эс телеканалы менен маегинде Түндүк Кореядан алар көрүп жаткан коркунучту мындайча чечмеледи:

- Түндүк Корея режиминде жүздөгөн артиллериялык замбиректер, ракета атуучу системалар бар. Алардын баары дүйнөнүн калк эң жыш жашаган шаарларынын бири - Түштүк Корея борбору Сеулга жете алгыдай аралыкта жайгашкан. Бул режим аймкакка: Түштүк Кореяга, Жапонияга коркунуч жаратат. Кокус согуш чыгып кетсе Кытай менен Орусияга да коркунуч алып келет. Эгер бул кырдаал дипломатиялык жол менен жөнгө салынбай, арты урушка айланып кетсе, анда катастрофалык согушка алып барары орчундуу маселе. Түндүк Корея Кошмо Штаттар үчүн да азыр эле тикелей коркунуч. Биз алар өзөктүк дүрмөтү бар, континенттер аралык баллистикалык ракетага ээ болгонго чейин күтүп отура албайбыз.

Мурдараак АКШнын азыркы администрациясынын өкүлдөрү, Түндүк Корея боюнча бардык ыкмалар караларын, бирок дипломатияга артыкчылык берилерин айтышкан. Пхеньян өз тарабынан ракеталык жана өзөктүк программасын АКШнын агрессиясына каршы туруу үчүн зарыл деп актайт. Көптөгөн эксперттер да ал азыр өзөктүк дүрмөттү Кошмо Штаттардын аймагына чейин жеткире алган ракета жасоо аракетинде жүргөнүн, бирок бул үчүн али бир нече жыл талап кылынарын болжолдошот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG