Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:58

Сербияда качкын өспүрүм кайрымдуулук көргөзмөсүн ачты


качкындар лагериндеги балдар
качкындар лагериндеги балдар

"Кичинекей Пикассо" атыгып кеткен оогандык качкын өспүрүм 9-августта Белградда сүрөт көргөзмөсүн баштады. Ал чогулган акчаны мээ рагына чалдыккан сербиялык балага берүүнү көздөөдө. "Баарыбызга мээрим керек" деп, ниетин кыскача түшүндүрдү 10 жаштагы талант Фархад Нури.

Анын ата-энеси менен Сербиядагы качкындар айылында жашаганына сегиз ай болду. Ал немис канцлери Ангела Меркел, сүрөткер Сальвадор Дали жана башкалардын элестерин кагазга түшүрүп, атактуу боло алды.

Нуринин үй-бүлөсү Евробиримдикке агылган мигранттардын толкуну менен келген. Бирок өткөн жылы "Балкан маршруту" жабылганына байланыштуу Сербияда кала беришкен.

Жаш талантты качкындарга жардам берген уюмдар байкап калып, көргөзмө уюштуруусуна көмөктөшүүдө. Ошондой эле ал көркөм өнөр мектебинде да окуп атат.

XS
SM
MD
LG