Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:49

БШК Садыр Жапаровду талапкер кылып каттоодон баш тартты


Борбордук шайлоо комиссиясы "Мекенчил" партиясынын лидери Садыр Жапаровду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты. Мындай чечим Боршайкомдун бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Ага макул деп БШКнын 12 мүчөсүнүн 9у добуш берди, 3 каршы чыкты.

2013-жылы Жапаров бийликти басып алууга аракет жасаган деп 1,5 жылга кесилген. Абактан чыккандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. БШК анын бул соттуулугу жоюлганы тууралуу аныктама жок деген негизди карманды.

​Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп жаткан Жапаровдун өкүмү 2-августта угузулган.

Ал Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), 234 (бейбаштык) беренелери боюнча акталды, бирок 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди.

Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Жапаров быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп атап келе жатат. (ErN/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG