Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:31

Казакстанда учак кырсыгынан эки киши каза болду

Алматы шаарына жакын жерде окуп-машыгууда колдонулган учак кулап, устат учкуч менен курсант каза болду. Бул тууралуу Казакстандын жарандык авиация комитети кабарлады. 

Маалыматка караганда, Жарандык авиация академиясынын эки кишилик Tecnam 2002 учагы 10-августтун таңында Азем аэродромунан эки чакырым алыс жерде кулаган. Ал окуп-машыгуу максатында учуп чыккан болчу. 

Кырсыктын себептери иликтене башталды. 

XS
SM
MD
LG