Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:40

Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин юристинин ага кыргыз тилинен тест тапшыруусуна шарт түзүп берүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Мындай чечимге Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн 9у макул болду, үчөө - Атыр Абдрахматова, Гулнара Журабаева жана Назарали Арипов каршы чыгышты.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Талапкерликке катталуу үчүн БШКга арыз берген Текебаев 26-июлда мамлекеттик тил боюнча тест тапшырмак. Бирок УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Текебаевдин коррупцияга айыптаган соттук ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту аны тест тапшырууга коё берүүдөн баш тарткан.

“Ата Мекендин” юристтери Текебаевге тест тапшырууга шарт түзүү өтүнүчү менен БШКга кайрылган. Бирок БШК бул суроону карабай койгон. Кийин Бишкектин район аралык соту, андан соң Жогорку Сот БШКны бул маселени кароого милдеттендирген. (ErN/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG