Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Түрк аскер базасына чабуул коюуну максат кылган деген адам кармалды


Инжирликтеги АКШ учагы
Инжирликтеги АКШ учагы

Түркиянын Инжирлик аба базасындагы АКШ аскер учагына чабуул коюу аракетине шектелип, Руслан Бакиев аттуу орус жараны кармалды. Түрк медиасы ал "Ислам мамлекети" террор тобуна мүчө болушу да мүмкүн деп маалымдоодо.

Атын атабастан маалымат каражаттарына сүйлөгөн кызмат адамдары шектүү Аданадагы базанын тегерегин "байкаштырып" жүргөндө кармалганын айтышкан. Ошондой эле Бакиев чөлкөмдөгү мусулмандардын алеви коомуна да чабуул коймок деп шектелүүдө. "Хабертүрк" телеканалына сүйлөгөн түрк генералы ал өткөн жылы Сирияга бараткан учурда Түркиядан депортацияланганын кошумчалады.

Орусиянын Анкарадагы элчилиги жагдайды иликтей баштаганын билдирди.

АКШ Инжирлик базасын Сирия, Ирактагы антитеррордук операциялары үчүн колдонот.

XS
SM
MD
LG