Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Муфтий: аракты мажбурлап тыйгандарды колдобойбуз


Таштандыга ыргытылган ичимдиктер. Жапалак, Ош
Таштандыга ыргытылган ичимдиктер. Жапалак, Ош

Арак-шарапты талкалап, дүкөндөрдү кыдырып тыйган туура эмес. Мындай пикирин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максат ажы Токтомушев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, дүкөндөрдү кыдырып, арак сатууну тыйган имамдардын жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.

- Арактын зыян экени бүгүн эле эмес кылымдардан бери белгилүү. Элдин баары билет. Бирок мажбурлап же талкалап, сындыруу менен эмес, адамды ыйманга чакырып, арактын зыяндуулугун жүрөгүнө, тамырына жеткиргенде гана Исламдын чыныгы талабы аткарылган болот, - деди Токтомушев.

Кечээ жакында Баткендин Кадамжай районунда имамдардын дүкөндөрдү кыдырып, арак сатууга тыюу салууга чакырганы коомчулуктун сынына кабылган. Ага чейин Ош шаарына караштуу Жапалык айылындагы диниятчылар дүкөндөрдөн арак-шараптарды чогултуп, бульдозер менен талкалаган учур катталган.(UEz)

"Азаттыктын" архиви: Жапалакта үч машине ичимдик жок кылынды. 21-июль, 2017-жыл

XS
SM
MD
LG