Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын алдын ала тизмесин БШКга тапшырды. Бул тууралуу Каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев “Азаттыкка” билдирди.
- Алдын ала тизмеге 2 млн 914 миң 588 шайлоочу кирди. Бул тизме 15-августта шайлоо участкаларына илинет. Биздин жарандар өздөрүн тактап алса болот, - деди Догоев.
Мыйзам боюнча шайлоочулар тизмесине 18ге жашы толгон, шайлоо укугу чектелбеген жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар кире алат. Бул тизме 1-октябрга чейин толукталат. Каттоосу башка жерде болгон шайлоочулар жашаган жери боюнча кошумча шайлоо участкаларына катталып, добуш берүү укугуна ээ. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.(UEz)