Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Аскарбеков: Мага козголгон кылмыш иши куугунтук


Жарандык активист Мавлян Аскарбековго кылмыш иши козголуп, шектүү катары УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу Аскарбеков “Азаттыкка” билдирди. Ал муну саясий куугунтук деп эсептейт.

- УКМК кызматкери мага каршы кылмыш иши козголуп, материал топтолгонун айтты. Мен буга чейин Дача-СУ, Учкун -2 конуштарынын социалдык маселелери боюнча жолуккам. Кылмыш иши ошондо бийликке каршы сөз сүйлөгөн деген таризде козголуптур. Бул бийликтин мага карата куугунтугу. Президенттик шайлоо алдында кайсы бир талапкерлер менен биригип кетет деп чочулап жатышат, - деди Аскарбеков.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов жарандык активистке кылмыш иши козголгонун ырастады. Анын айтымында, Аскарбековдун 2017-жылдын 20-июлунда коомчулук алдында айткан пикирлери боюнча Соттук-экспертизалар мамлекеттик борборунун адистеринин жыйынтыгына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Мавлян Аскарбеков “Эркин эл” саясий партиясынын лидери, “Жаңы муун” саясий кыймылынын мүчөсү катары белгилүү. Ал буга чейин ар кандай социалдык маселелер боюнча акцияларды уюштуруп, бийликке кескин сындарды айтып келген.(UEz)

XS
SM
MD
LG