Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:44

124 миң жаран жаңы паспорт алды


Кыргызстандын 124 миң жараны жаңы үлгүдөгү паспорт алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев “Азаттыкка” маалымдады.

Анын ырасташынча, дагы 76 миң жаран жаңы паспорт алуу үчүн арыз таштаган. Алар берилсе жаңы паспорт алгандардын саны 200 миңге жетет.

Каттоо кызматы биометрикалык каттоонун негизинде жаңы паспорттун үлгүсүн сунуштаган. Анда улутун көрсөткөн графа жок. Бармак изи сыяктуу бардык маалыматтар атайын чипте сакталат. Жаңы паспорттогу улут графасынын алынышы коомчулукта көптөгөн каршылыктарды жаратып келет. Жаңы үлгүдөгү паспорт жыл соңуна чейин акысыз берилет. (UEz)

XS
SM
MD
LG