Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" этнокомплексинде Чыңгыз Айтматовго арналган 2-симпозиум өттү.
Иш-чаранын алкагында этнокомплекске "Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын барактай" аталышында залкар жазуучунун чыгармаларын чагылдырган 10 айкел экспонат катары коюлду.
Уюштуруучулардын айтымында, республиканын ар тарабынан келип катышкан мыкты скульпторлор айкелдерди 3-4 ай ичинде таза таштан жазашкан.
Айкелдерге кеткен жалпы каражат баш аягы 2 миллион сомдон ашты.
Скульпторлорго акчалай сыйлыктар тапшырды.
Айтматовго арналган 1-симпозиум 2009-жылы өткөн. (AsM)