Линктер

дүйшөмбү, 17-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 00:08

Пакистандагы жардырууда үч адам мерт болду


Жардырууда ондогон адамдар жарадар болушту.

Пакистандын Ооганстан менен чектеш уруулар аймагында жайгашкан Бажаур провинциясында болгон катуу жардыруу кеминде үч кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтин өкүлү Аслам Кхан кабарлады.

11-августта болгон калабада жараат алгандардын саны 25ке жетти. Жардыруучу зат чоң жолдун боюна коюлганы маалым болду. Азырынча кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти эч ким өз моюнуна ала элек.

Аймак "Талибан" кыймылынын жана башка экстремисттердин таянычы катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG