Cузактын Сары-Булак айылындагы төрт үй-бүлөгө райондогу мекеме-ишканалардын кызматкерлери которгон бир күндүк эмгек акысына жаңы турак жайлар салынууда.
Райондук акимчилик билдиргендей, аталган үй-бүлөлөрдүн турак жайлары ушул жылдын январь айында жер көчкүдө топурак алдында калган.
Ошондон бери алар аймактагы токой чарбасынын имаратында жашап келишет.
Район боюнча жалпы 1 млн 300 миң сом каражат чогултулуп, турак жай салуу үчүн тендер өткөн. Андан утуп алган компания быйыл 31-августка чейин жабыркагандарга ачкычтарын тапшырганы турат.
Быйыл жыл башында Сары-Булак айылында катталган жер көчкүдөн улам 50гө чукул үй-бүлө башка жакка көчүрүлүп жатат. (RsK)