Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Азиз спортчулар Алматыдан Ысык-Көлгө веложүрүшкө аттанышты


"Чек арасыз спорт" веложүрүшүнүн катышуучулары.
"Чек арасыз спорт" веложүрүшүнүн катышуучулары.

Казакстандын Алматы шаарында жума күнү көзү азиз жана начар көргөң спортчулардын веломарафону башталды. 15 спортчудан турган команда жакынкы күндөрү Алматы-Бишкек-Чолпон-Ата маршруту аркылуу 500 чакырымдай жолду басып өтүшөт. Марафон 20-августта жыйынтыкталат.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты - майып адамдарды спортко тартып, алардын өзүнө болгон ишенимин жогорулатуу жана мүмкүнчүлүктөрүн башкаларга көрсөтүү.

Көзү азиз спортчуларга активисттер керек учурда жардам көрсөтүп турат. Ал эми жүрүштү Казакстандын жана Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү коштойт.

"Чек арасыз спорт" деп аталган бул веломарафонду Алматы шаарынын Жаштар саясаты башкармалыгынын колдоосу менен коомдук уюмдар уюштурган.

Азиз спортчулар Алматыдан Ысык-Көлгө аттанышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

XS
SM
MD
LG