Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:07

Орусиянын соту журналист Александр Соколовду 3,5 жылга кести


Журналист Александр Соколов.

Орусия соту 10-августта РБК басылмасынын кабарчысы Александр Соколовду үч жарым жылга абакка кести. Журналист тыюу салынган экстремисттик уюмга кирген жана референдум өткөрүүгө үгүттөгөн деп айыпталды.

Соколов жана анын үч шериги мындан эки жыл мурда «Жоопкерчиликтүү бийлик үчүн» деген референдум өткөргөнү жаткан демилгелүү топко катышкан деген шек менен камалышкан.

"Мемориал" укук коргоо борбору Соколовду жана аны менен кошо соттолгондорду саясий туткун деп таанышты. Укук коргоочулар айыптардын бардыгын журналисттин кесиптик ишмердигине байланыштырышат.

Соколов РБК медиахолдингдин мурдагы редакциясында негизги иликтөөчү журналист болчу. Бир нече чуулгандуу коррупциялык иштер боюнча, анын ичинде «Восточный» космодромун куруудагы каражаттарды уурдоо, кароосуз калган шаарчалардагы жумушсуздук, жакырчылык, аткаминерлердин маяналарынын улам көбөйтүлүшү жөнүндөгү материалдары менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG