Текебаевдин сотунан репортаж (11.08.2017)
Өмүрбек Текебаев бүгүнкү сот отурумунда орус ишкери Леонид Маевский менен жолугушуусун кеңири баяндап берди. Тергөөдө Маевский Текебаев менен беш жолу жолукканын айткан, бирок депутаттын билдиргенине караганда, аны менен эки гана жолу жолуккан, "Мегаком" боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес.