Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:21

Судья: Текебаев-Чотонов соту керек болсо түнкү 11ге чейин уланат


Текебаев менен Чотоновдун соту бүгүн түнкү 11ге чейин уланышы ыктымал. Адвокаттар иш убактысы бүткөнүн, сотту башка күнү улантуу керектигин айтышты, бирок судья Айбек Эрнис уулу жараянды токтотуудан баш тартып, керек болсо 11ге чейин болорун айтты.

Текебаев жана анын тарапкерлери муну бүгүн өкүм чыгаруу аракети болушу мүмкүн деп баалап жатышат.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү муну саясий куугунтук деп атап келет.

Кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура саясий себеп жок экенин айткан.

Иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Саат 19:30га чейин бир сааттык танапис жарыяланды. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG