Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Текебаев-Чотонов соту дүйшөмбүдө уланмай болду


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов сот залында. 11.08.2017
Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов сот залында. 11.08.2017

Текебаев менен Чотоновдун соту дүйшөмбү күнү уланмай болду. Бүгүн жарыш сөз уланып, Текебаев орус жараны Маевскийдин "пара бердим" деген сөзүнүн эч кандай далили жок экенин билдирди.

Адвокаттардын жараянды дүйшөмбү күнгө калтыруу өтүнүчүн судья Айбек Эрнис уулу бир нече жолку сурануулардан кийин канааттандырды.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү муну саясий куугунтук деп атап келет.

Кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура саясий себеп жок экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG