Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Удальцов Путиндин саясатын сындоону уланта берерин билдирди


Орусиялык оппозиционер, "Левый фронт" кыймылынын лидери Сергей Удальцов президент Владимир Путиндин ишмердигине карата сын айтуудан кайтпай турганын, бийликке каршы көз карашын уланта берерин билдирди. Бул тууралуу ал абактан бошогондон кийин уюштурган алгачкы маалымат жыйынында айтты.

Белгилүү оппозициялык активист Сергей Удальцов 4,5 жылдык абак жазасын өтөп бүтүп, 8-августта эркиндикке чыккан. Ал 2012-жылы президент Владимир Путинге жана анын өкмөтүнө каршы уюштурулган нааразылык акциясы үчүн камакка алынган.

Удальцов 2012-жылдын 6-майында Москванын Болотная аянтында өткөн акциядан кийин үй камагына алынган. 2014-жылдын июль айында массалык башаламандык уюштурду деген айып боюнча күнөөлүү деп табылган.

2011-жылкы парламенттик шайлоодогу бурмалоолорго каршылык иретин өткөрүлгөн акцияда 400дөн ашык киши кармалган.

XS
SM
MD
LG