Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:41

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев №2024 чек ара аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлерге ыйман сабагын өттү. 11-август күнкү жолугушуу аталган бөлүктүн жыйындар залында өттү.

Шаардык казыяттан кабарлашкандай, бул сабак Мамлекеттик чек ара кызматынын "Ыйман, адеп жана маданият жылына" карата жылдык программасынын алкагында уюштурулду. Буга чейин Баткенде өткөн.

Казы менен жоокерлердин жолугушуусуна №2024 чек ара аскер бөлүгүнүн штаб башчысы Адыл Сейдалиев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк бөлүмүнүн өкүлү Бөрүмухаммед Эсенов да катышты.

Казынын сабагы ата-энени урматтуу, эл-жерди сүйүү, мекенди коргоо багытында болду.

2017-жыл Кыргызстанда «Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жарыяланган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG