Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:13

Өзбекстанда көчөгө алгач ирет банкоматтар орнотула баштады. "Халк банкы" (Элдик банк) Ташкенттин негизги базарларындагы үч жерге банкомат койгону тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы орнотулган банкоматтар аркылуу бир күндө бир картадан 100 миң сумга чейин (1000 сомдон бир аз көп) гана акча алууга мүмкүн. Банкоматтар күндүз гана иштейт.

Аталган банк жакын арада жыл аягына чейин өлкө аймагында миңден ашуун банкомат орнотуларын маалымдады.

Өзбекстанда улуттук валюта алсыз болгондуктан, банкомат колдонулбай келген.

XS
SM
MD
LG