Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Шайлоо-2017: Төртилтик Ош, Жалал-Абад жана Баткенде эл менен жолугууда


Төртилтик калайыктан бата алып жатат. Баткен, 12.08.2017. Сүрөт Бакыт Төрөбаевдин Фейсбуктагы барагынан алынды.
Төртилтик калайыктан бата алып жатат. Баткен, 12.08.2017. Сүрөт Бакыт Төрөбаевдин Фейсбуктагы барагынан алынды.

Кыргызстанда быйыл күзүндө өткөрүлүп жаткан президенттик жарышка бир күч болуп барарын жарыялашкан төртилтик өкүлдөрү - Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев ушул күндөрү калайык менен жолугушуу өткөрүп жүрүшөт.

12-августта Баткен шаарында тургундар менен кезиккен саясатчылар 13-августта Ош жана Жалал-Абад шаарларында жыйын курмакчы. Бул тууралуу алардын бири Бакыт Төрөбаев маалымдап, калк менен жолугуп, шайлоого бирдиктүү талапкер чыгаруу маселеси көрүлүп жатканын билдирди.

Төрт саясатчы президенттик шайлоо алдында биригип, бир талапкерди сүрөөгө макулдашышканын 7-августта жарыялашкан. Ал талапкер ким болоору азырынча айтыла элек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Президенттик кызмат үчүн ат салышууга элүүдөн ашуун адамдан БШКга арыз түшкөн.

Талапкерликке ниеттенгендердин бири - оппозициячыл "Ата Мекен" партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев убактылуу камакта кармалууда. Ага жемкорлук менен байланыштуу айып тагылган. Текебаев өзү жана партиялашы Д.Чотонов болсо өздөрүнө карата коюлган доолорду четке кагып, өздөрүнүн актыгын айтып келишет.

Талапкерликке ниеттенгендердин канчасы БШК тарабынан расмий талапкер болуп катталары 9-сентябрда анык болот. Үгүт иштери 10-сентябрда башталат. (SE)

XS
SM
MD
LG