Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Шарлотсвилл шаарындагы кагылыштан соң Трамп элди биримдикке чакырды


​АКШнын Виргиния штатындагы Шарлотсвилл шаарында ишемби күнкү кагылышуудан соң президент Дональд Трамп элди биримдикке чакырды. Ал Твиттердеги баракчасына "Биз баарыбыз биригип, жек көрүүчүлүктү айыптоого тийишпиз. Америкада зордук-зомбулукка орун жок. Бир кишидей биригели!" деп жазды.

12-августта Шарлотсвилл шаардык бийлиги уруксат берген митингде ак расанын үстөмдүгүн жактоочулар менен каршылаштарынын ортосунда чатак чыккан. Соңку маалыматтарга ылайык, бир киши каза таап, жыйырмадай адам жараат алган. Мындан улам штат жетекчилиги чукул кырдаал жарыялап, митинг өткөрүүгө тыюу салды.

Митинг 1861-1865-жылдардагы жарандык согуш учурунда конфедератор лидери болгон генерал Роберт Линин эстелигин демонтаж кылуу боюнча жергиликтүү бийликтин чечиминен кийин уюштурулган.

Бир күн мурун да ушул өңүттө башаламандык чыгып, бир канча адам жараат алып, бир киши кармалганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG