14-августта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32;
Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +25...+30;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +21...+26;
Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +22...+27;
Тоолордо түнкүсүн -1...-6, күндүз +8...+13;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +12...+14, күндүз +30...+32.